Буркановдун жүрөгүн мисал кылып, Курбанов агынан жарылдыбы?


Айзаданын өлүмүнөн соң Бишкек ШИИБ начальнигинен кеткен Бакыт Матмусаев элдин эсинде. Анын күйөө баласы Сүйүнбек Курбанов ИИМдин түштүк аймагы боюнча баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги. Дал ушул жагынан азыноолак шиңгил таштайлы.
Жакында Сүйүнбек Курбановдун ден соолугуна байланыштуу маселе көтөрүлүптүр. Медициналык кароодон өтүү сунушталып, натыйжада, жумуштан кетирүүгө камылга башталган окшойт. Жүрөгүнө коюлган эки стент себепчи болуп аткан өңдүү. Мындай шартта Сүйүнбек Курбанов агынан жарылганы каңкууланды. “Анда Нурланбек Бурканов да кызматтан кетсин, анын жүрөгүнө төрт стент коюлган!” деп чатак салганы ыраспы? Жаңжалдашуу өздүк курамдын тар чөйрөсүнө тарап, ызы-чууну токтотууга жандалбастап калышканы кандай? Көп сөз чыкпай, мандем күүсү бугуп жаткандай...
Эске салсак, Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов буга чейин чет өлкөдөн жүрөгүнө операция жасатып, дарыланып келгени кабарланган. Жоопкерчиликтүү, түйшүктүү жумушка канчалык деңгээлде жүрөгү чыдай турганын билбейбиз. Бул таризде атайын медициналык кароодон өтсө керек. ИИМ көзөмөлгө алгандыр. Ал эми Сүйүнбек Курбановду эмнеге жумуштан кетирүү маселеси көтөрүлдү экен? Жүрөккө төрт стент салдырган кооптуу, ага салыштырмалуу экөө жеңил эле го...
"Азия Ньюс" гезити











