Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек ЭРГЕШОВ, ЖК депутаты: “Кербенге суу чыгаруунун биринчи этабына 204 миллион сом кетсе, экинчи бөлүгүнө 6,5 миллион евро сарпталмакчы”

Алмазбек ЭРГЕШОВ, ЖК депутаты: “Кербенге суу чыгаруунун биринчи этабына 204 миллион сом кетсе, экинчи бөлүгүнө 6,5 миллион евро сарпталмакчы”

20-декабрь, 16:40
519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмазбек Манасбекович, Рада Туманбаева экөөңүздөр кайра-кайра маселе көтөрүп жатып, акыры Аксынын таза суу көйгөйү чечилген калды окшойт?  

-- Кербенде союз учурунан калган таза суу системасы бар болчу. Бирок, толук эмес эле. Эл аз болуп, суу түтүкчөлөрү кичинекей коюлуп калгандыгына байланыштуу, суу кээде келип, кээде келбей калчу. Анан ошону азыр биринчи этабында 204 миллион сомго эки тендер өтүп, уткан эки компания куруп атат. Жарымдап калды. Пача-Атадан суу алынып келинүүдө. Азыр болсо Европа банкы аркылуу 6,5 миллион еврого экинчи этабы ишке ашырылмакчы. Ошондо Кербен шаарынын 95 пайыз эли суу менен камсыз болот. Жанындагы жети айыл да Кербен шаарына кошулган. Алардын алтооно суу барат. Бир айыл бир аз алысыраак жайгашкандыктан, долбоорго кире элек. Иш жүрүп атат. 

-- Долбоорду ким ишке ашырат?

-- Кыргызстандын эле компаниялары. Мен билгенде бирөө Ош шарында жайгашкан. 

-- Мындай долбоорлорду ишке ашырганда каржылык махинациялар болбой койчу эмес эле. Көзөмөлдөө жагы кимге тапшырылган?

-- Биринчи этабынын оператору АРИС болгон. Көзөмөлдү да ошол жүргүзгөн. Экинчи этабында алар көзөмөлдөбөйт экен. Бир туура эмес жагы: Кербенде эле эмес, баардык жерде ушундай болуп жатат, айыл өкмөткө же мэрияга берип коюп жатышат. Ал жерде бул жактагыдай күчтүү адистер жок. Ошон үчүн биз суу чарба агенттигине “тендерди өзүңөр алып, өзүңөр көзөмөлдөп, жооп бере турган да өзүңөр болгула” деп атабыз. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер