Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыгүл Чотурова, Кыргыз эл акыны: “Кээ бир ырларыма үчтөн-төрттөн обон жаралып кетти”

Бактыгүл Чотурова, Кыргыз эл акыны: “Кээ бир ырларыма үчтөн-төрттөн обон жаралып кетти”

25-июль, 19:18
430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эже, ыр жазып атасызбы?

-- Ооба. Ыр – сен өзүң каалайсыңбы-каалабайсыңбы жазыла берет экен да.

-- Калем менен жазасызбы?

-- Жок. Компьютерге көнүп алып, калем кармабай калдым. Гезитте иштеп жүргөндө “жазган материалды өзүңөр терип жөнөткүлө” деген талап коюлбады беле. Билбей, бирдекелерин туура эмес басып алып, компьютерчи балдарды тажатчубуз. Ошентип жүрүп үйрөнүп алдым. Орун алмаштырып, оңдоп, ручка менен ботала-сотала кылып эле отурчу эмес белек. Карбалас дагы эле ручка менен жазат...

-- Эң соңку ырыңыз качан жазылды?

-- Бир жумадай болду го, жайлоодон жазгам. Акыркы жазган ырларымды жатка билбей калдым. Мурун жатка билчү элем, азыр карап окумайынча айта албайм. Акбар Рыскулов, Карабалас Бакиров ырларын жатка билишет.

-- Обон чыгарганга берип атасызбы ырларыңызды?

-- Берген деле жокмун. Алар өздөрү эле китептерден алып алышат. Фейсбуктан да такай чыгам да. Кээде телефон чалып, сурашат. “Ала бергиле айланайындар, жөн жаткандан көрө ырдай бергиле” деп коём. Кээ бир ырларыма үчтөн-төрттөн обон жаралып кетти.

-- Мага Бек Борбиев обон чыгарган “Мен сени сагынган бойдон жүрөм” аттуу ырыңыз өзгөчө жагат. Сөзү менен обону аябай төп келишип калган...

-- Мен ал ырга обон чыгат деп ойлогон эмесмин. Ал ыр “Найман” аттуу китепте болчу. Бир күнү дачада жүрсөм эле Бек чалып калды, “эже, бир ырыңыз жагып калды, бериңизчи, мен ырдайын?” дейт. “Ой, ошо китептеги ырлардын баары сеники, ала бер” дедим. Кийин жиберип коюптур. Уксам, аябай жакшы экен.

-- Жүзгө жетип калды окшойт ээ обондуу ырларыңыз?

-- Ашып кетти го дейм. Каныкейдин бир жакшы ыры бар. Атайбектин бир обону бар көл жөнүндө, өлө сонун! Бирок, көп ырдалбай жүрөт. “Музамандын” балдары ырдап чыгышкан бир жолу. Хабибулла Азиреткулов да бир-эки сонун обондорду чыгарды. Мукан Рыскулбеков чыгарган обонду Роза Шакирова ырдаптыр, ал да сонун! Алтымыш жылдыгымды өткөргөндө бир тобу келип ырдап беришти. Рахмат! Кээ бирөөлөрү келбей, алар чыгарган ырлар ырдалбай калды... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер