Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Мамлекет жаштарга келечектин туура багытын бере албай жатат”

Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Мамлекет жаштарга келечектин туура багытын бере албай жатат”

26-август, 00:54
925 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Барган сайын жашоо шарттын оорлогонунан, кымбатчылыктын кесепетинен жаштар арасында ашырашуулар көбөйдүбү? Мамлекет ушул багытта кам көрүү керекпи?

-- “Жашоонун кымбаттаганынан жаштар арасында ажырашкандар, үй-бүлөсү бузулгандар жылдан жылга көбөйүүдө” дегенге кошула албайм. Анткени, бүгүнкү күндө жаштарга эркиндик берилип, ата-эненин, мектептин тарбиясын кабыл албай, өз алдынча жашоого өтүштү. Улуулардын сөзү, мугалимдин билими текке кетип калган учур. Жаштар үй-бүлөлүк баалуулуктардан алыстап, Батыштын тескери адат-жоруктарын өздөштүрүшүп, жашоонун жеңил жолуна түшүшүп, өздөрүнүн келечек тагдырларына балта чаап, ажырашуу, бузулуулар көп болууда.

“Эмне үчүн мамлекет көңүл бурбайт?” дейсиз, ооба, мамлекет жаштарга багыт берүүчү өзүнчө улуттук багытта программа иштеп чыгып, аларга аруулук, тазалык, адилеттик, калыстык, ар-намыс, келечек жөнүндө багыт берүүсү керек эле, тилекке каршы, андай иш-чаралар жүрбөй жатат.

Нечендеген кылымдарды карытып келген кыргыздын улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо сыяктуу сый-урмат менен жашап келген эрежелери бар. Мына ошону туура пайдаланганда, мамлекет улуттук баалуулуктардын негизинде мамлекеттик, улуттук идеологияны иштеп чыгып, анын үстүндө иш алып барганда гана жаштар арасында ажырашуулар, бузулуулар азаят, токтойт деп ишенем.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер