Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөм жаш кыздын башын айландырып, “экинчи аял алам” деп оолугууда
Күйөөм жаш кыздын башын айландырып, “экинчи аял алам” деп оолугууда
01-февраль, 00:10
2 496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эркек киши колуна акча тийсе эле кутуруп калат экен да. Күйөөм экөөбүз дүкөн иштетебиз. Анан дагы бир кичи бизнес бар, а башында нанга жетпеген күндөр болгон эле. Ал убакыттар учту. Азыр баары шүгүр. Кырк жаштан өтүп, бала-чакалуу, үй-жайлуу, кичи бизнестүү болуп, баары ойдогудай.
Бирок жакында төбө чачты тик тургузган жаңылык уктум. Күйөөм жаш кыздын башын айландырып, “экинчи аял алам” деп оолугууда. Ден-соолугум жоготуп, ушул күнгө жетсек, экинчи аял азабы күтүп турду беле?
Эркинай