Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жалгыз үмүт Ташиевде” деген сөз эл арасында бекер тарап аткан жок...

“Жалгыз үмүт Ташиевде” деген сөз эл арасында бекер тарап аткан жок...

16-март, 13:13
2 333 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекетибиздеги коопсуздукту, тартипти УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев тескеп турат. Андыктан, көп нерсени жасоого милдеттүү жана жоопкер. Дегенибиз, коомчулукту дүрбөлөңгө салган соңку окуяга пикирин айтпаганы кандай? Депутат Жаныбек Абиров карапайым күзөтчүнү достору менен жабыла сабап жатышса, кайра ага “доом жок” деп айттырса, бул кандай? Топтой тепкилеп туруп, мандаты, акчасы аркылуу элдешип ала береби? Буга улай дагы бир эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев кол алдында иштеген куруучусун тепкилеп, ишти басып койгонун ЖМКлар жазды го? А ноокаттык депутат Жусупбек Коргонбай уулу элди сөгүп, мазактап атат. Мындай эргулдардын “концертине” көпчүлүк таңгалып, бийликтен жооп күтүп аткан чагы. Өлкөдө баш-көз болчу Камчыбек Ташиев унчукпаса, анда кантебиз? Негизи мыйзам алдында ушул үч депутатты бир жаңсыл кылып, чара колдонуш керек! Азыр да кеч эмес. Ар кимисинин кылыктарына жараша жоопкерчиликти кароо зарыл. Биз мамлекет катары сакталабызбы, же акчалуулар баарын басынта береби? “Жалгыз үмүт Ташиевде” деген сөз эл арасында бекер тарап аткан жок да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер