Акыркы кабарлар
» Коом » Сузак районунда 6 жашар кызды сел агызып кетип каза болду
Сузак районунда 6 жашар кызды сел агызып кетип каза болду
21-июль, 11:38

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 жашар кызды сел агызып кетип каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 20-июлда катуу жамгырдан улам Сузак айыл аймагынын Достук айылында, Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылдарында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун, Сузак–Кара-Дарыя унаа жолун суу каптаган. Сел 6 жашар кызды агызып кеткен. Анын сөөгү издөө иштери учурунда туугандары тарабынан табылган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.