Таалайбек Ибраев, энергетика министри: “Суук –16 градуска чыкса да, жарыкты өчүрбөй эле берип атабыз”
-- Таалайбек Омукеевич, быйыл кыш келгенде эле катаалдык жаралууда. Калкты көмүр менен камсыздоо жагы кандай болуп атат?
-- Көмүр бар. Бул биздин милдетибиз да. Региондордогу кампалардын баарында көмүр бар. Түндүк жакта негизинен Кара-Кеченин, Ак-Улактын көмүрү сатылууда. Түштүктө болсо он чакты кен бар, ошолордон ташып жатышат.
-- А баасычы?
-- Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы коюп берген баа бар, ошо менен кармайбыз. Биз – министрлик өзүбүз да эксперимент жасап көрдүк. Бир Ховону айдатып алып, айдоочунун жанына өзүбүздүн бөлүм башчыны отургузуп, көмүр базасына чейин канча болорун эсептедик. Ар кимдин эмгек акысы бар да. Шоопурдун маянасы, көмүрдү түшүрүп, элеп сатып аткандардын да акысы бар. Баарын эсептеп чыктык. Биздин өзүбүзгө кызык болду да, эмне үчүн бир жерде алты, экинчи жерде жети, а башка аймакта сегиз миңден сатып жатканы боюнча. Хронометраж кылып текшерип чыктык. Бүгүнкү күндө ошол бааны кармап, сатып атышат. Менин милдетим – көмүрдү камсыздап, жеткирип бериш. Ал эми бааны көзөмөлдөө биздин милдетке кирбейт, ал антимонополиянын иши.
-- Быйыл веердик өчүрүү күтүлөбү?
-- Жок. Мен кечээ радиодон да айттым. Бизде республика боюнча баардык жерде лимит коюлган. Лимит эмне үчүн коюлат? Анткени, ошол жердеги көмөк чордондор, линиялар, трансформаторлор ошого эсептелген. Эгер лимиттен ашса перегруз болуп, күйүп кетет. Лимит сакталбаса, аны камсыз кылбаган трансформатордо перегруз жаралат, анда өчүрүш керек. Ар бир райондук электр тармактарынын материалдык жоопкерчилиги бар. Өрттөнүп, күйүп кетсе жооп берет, ошолордун мойнунда, төлөйт. Бизде атайын жобо бар, токсон пайызга чейин жеткирип, ашканда башка трансформаторго багыттап, регулировка кылыш керек. Ошол убакта гана жарык өчүшү мүмкүн. А башка учурларда Кудайга шүгүр, суук –16 градуска чыгып атат, жарыкты өчүрбөй эле берип атабыз. Сиз көмүрдүн баасын сурап атпайсызбы. Азыр электрдин баасы эң арзан. Ошон үчүн бүт баары күн суук болгондо электр приборлорду саят. Ошондон улам перегруз болуп кетип атат. Биз баарын эсептеп чыгып, анан трансформатор коёбуз да. Жылына реконструкция кылып атабыз. Кышында кайсы жерде перегруз болсо, кийинки жылы ошого чара көрөбүз.
"Азия Ньюс" гезити