Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Милиция жетекчилери ич ара камашып, “согуша” баштаса, эл байкуш кантет?

Милиция жетекчилери ич ара камашып, “согуша” баштаса, эл байкуш кантет?

05-ноябрь, 10:33
838 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин начальниги Улан Алиев камакка алынды. Бул боюнча артында талаш-тартыштар жаралганы менен чындык кай тарапта? Албетте, мындай суроолор учурда “кызыл шапкечендер” чөйрөсүн, ошондой эле бул тарапка кызыкдар тараптардын бүйүрүн козутуп аткан чагы. А ИИМдин ичинде адилеттүүлүктү билишсе да, айрымдар унчукпай турушат го... Анда кеп кандай өнүккөн? 

Аныгында, биздин колубузда расмий маалымат, таккесе фактылар болбогондон кийин негиздүү божомолдорго из салып, суроо маанайында адилеттүүлүккө жетүүгө аракет кылалы. (Бирок кийин чын чыгып калышы мүмкүн). ИИМдин орун басары Эркебек Аширходжаев менен башкы тергөө башкармалыгынын начальниги Азамат Жумабаев өз ара сүйлөшүп, афёрага, элди алдоого шектелген Асыл Талипова аттуу аялдан пара алышканбы? Кылмыш иштерин жаап берүүнүн амалын көздөшкөнбү? Ишти “бүтүрүп” салышканбы? “Жабылуу аякты жабылуу” кыла берсе, милициянын ичиндеги ар-намыстуу кесипкөйлөр тынч жата алышпай, чырлуу ыргакка түшкөнү каңкууланат. Натыйжада, Асыл Талипова ондогон адамдарга “үй берем” деп алдап жүргөнү, арыздануучуларды ИИМдин башкы тергөөсү басып атса, анан Октябрь РИИБнин начальниги Улан Алиев кылмышка шектүүнү камакка алып атат го?.. Бул чийеленген опурталдуу чатактан ал коркпостон, Эркебек Аширходжоев, Азамат Жумабаевдин үстүнөн арыз жаздырууга, башкы прокуратурага жиберүүгө үлгүргөнбү? Чоңдорго кылмыш иштери козголордо кантип жабылган? Дал ушул өңүттө милициянын өздүк курамында уу-дуу кеп уланууда... 

Ошондон кийин кайрадан Улан Алиевге береги ИИМдин орун басары менен башкы тергөөнүн начальнигинен жалган мааниде Асыл Талипованы пайдалануу менен арыз жазылганбы? Дал ушунун курмандыгында бүгүн Октябрь РИИБнин начальниги Улан Алиев камалып жатабы?

Бул боюнча тийешелүү жетекчилик мыйзамдуу, калыс тергөө жүргүзүп, кимдин ким экенине баа берүү зарыл. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, милиция ичтен ирип, бири-бирине “согуш” жарыялап жатышса, карапайым калктын укугу кантет?

Баса, министр Улан Ниязбеков Кореяга иш сапары менен кеткенден кийин булар “чалмакейди чалып” жиберишкени кандай? Баа берилеби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер