Алоэнин ооруларга кандай пайдасы бар?
Карын, ашказан жана он эки эли ичеги жарааттарына жардам берет. Анүчүн алоэнин суусун бөлүп алып, аны кайнатылган сууга кошуп, даяр болгон аралашманы ичсеңиз болот. Андан сырткары, бронхит оорусуна төмөндө айтылган аралашманы кайнатып, ага сары май жана балды кошуп ичсеңиз, өзгөчө пайдасы көп.
Аталган өсүмдүктөн тери жараатына дагы аралашма даярдап алсак болот. Ага гүлдүн жалбырагын алып, төмөнкү температурадагы караңгы жерде 12 сутка кармооңуз керек. Андан кийин сууга салып майдалап, аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы тери жараатына айыкканга чейин сүйкөйсүз.
Териге чыккан сөөлдөн арылууга дагы дал ушул алоэ түрткү болот. Ал үчүн гүлдүн жалбырагын алып, сөөлдүн үстүнө күнүнө 5-6 жолу тынымсыз басыңыз. Мунун эч кандай зыяны жок. Бир аз убакыт өткөн соң сөөлүңүз кантип жоголгонун байкабай каласыз.
Жөтөл, бронхит, суук тийген учурда 300 гр алоэнин жалбырагын кыргычтан өткөрүп, ага 3 аш кашык бал жана медициналык спирт кошуп аралаштырыңыз. Даяр болгон аралашманы күнүнө 3 маал тамак ичээр алдында жеп турсаңыз, дарттан алыс болосуз.
Сасык тумоо болгон учурда алоэнин касиети күчтүү. Ал үчүн 10 тамчы жаш гүлдүн ширесин 50 грамм кайнак сууга аралаштырып, бир күндө 3-4 ирет мурдуңузга тамчылатсаңыз болот.
"Азия Ньюс" гезити