Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президентти Россияга кимдер коштоп кетти? (делегациянын курамы)

Президентти Россияга кимдер коштоп кетти? (делегациянын курамы)

24-февраль, 11:55
1 593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, чет өлкөгө жасай турган биринчи иш сапары менен Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапардын жүрүшүндө Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Мындан сырткары, ал Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды пландаштырганы айтылды.

Андан сырткары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Президентти коштоп кеткен делегациянын курамы:

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

Президенттин аппарат жетекчиси — Сүйүнбек Касмамбетов;

Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;

Вице-премьер, экономика жана каржы министри — Улукбек Кармышаков;

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы — Дастан Дүйшекеев;

Кыргызстандын Россиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси — Гүлнара-Клара Самат;

Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри — Алымкадыр Бейшеналиев;

Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;

Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору — Алмамбет Шыкмаматов;

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы — Кабыл Абдалиев;

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу — Бактыбек Кудайбергенов.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер