Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Украинадагы элчи Идрис Кадыркулов адекваттуу эмес, эч кандай ишке жарабайт”

Адил Турдукулов: “Украинадагы элчи Идрис Кадыркулов адекваттуу эмес, эч кандай ишке жарабайт”

21-июль, 20:12
702 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, Украинага барууга, ал жактагы абалды чагылдырууга эмне түрткү берди? Атайын долбоорбу же башка да максаттарың бар беле? 

-- Менин байкашымча, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө жашаган кесиптештеримдин “уруш жүрүп жаткан Украина бизден аябай алыс, анын бизге дегеле тийешеси жок” деген пикирлери басымдуу эле. Мен бул алаамат тууралуу ачык айтып, колдон келишинче көрсөтүү керек деп эсептейм. Анткени, уруш көз карандысыздыгы менен суверендүүлүгүн коргогон элге каршы жүрүүдө. Анан да Кыргызстан калкы, башка Борбор Азия мамлекеттеринин эли деле дал ушундай баалуулуктарды баарынан жогору коюш керек. Бүгүн, эртең ошондой эле коркунуч бизде да кайталанып калышы мүмкүн. Ошондуктан, биз Украинадагы абал жөнүндө өз көзүбүз менен көрүп, талдаганыбыз маанилүү. 

Өнөктөштөр жол акысы жагынан жардам беришти, ал эми жаткан жери, унааны Украинадагы жердештерибиз акысыз колдошту...

-- Согуштун залакасын сырттан караган менен ичкериден көрүү эки башка нерсе, чоң айырмачылыгы болсо керек. Жалпы кырдаал, кыйналган элдин турмушу кандай таасирлентти? 

-- Мага бул жерде көргөнүмдүн баары эле жаңылык болуп жатат. Чоң ачылышым катары – украиндердин бой көтөрбөгөн жөнөкөйлүгү, ачыктыгын айткым келет. Алар оболу адамды карап, андан кийин анын кесиби кандай, улуту ким экенине маани беришет экен. Мунусу биринчи эле баамга урунганы, маданияты бай экендиги сезилип турат. Бул жагы айрыкча көп улуттун өкүлдөрү байырлаган Одессада аябай билинет экен. Чынымды айтайын, жаңы барганда орусча сүйлөсөм, баары тескери карап, жооп бербей коюшабы (?) деп чочулагам. Бирок андай болбоду. Баары бири-бири менен орусча эле сүйлөп жүрүшөт.

Борбор Азия элдеринин көбү чет өлкөгө чыгып кетишиптир, бирок жерин таштабай калгандары деле аз эмес экен. Биз Одесса менен Киевде болдук, Буча менен Ирпенге барганга да үлгүрдүк. Сыртынан карасаң кадимки эле күндөлүк турмушту, сүйлөшө келсең төгүлгөн көз жашты, айыккыс арман-муңду көрөсүң. Мунун баары – азап-тозок, кайгы, көз алдыңда турган ажал, күн сайын жаңырып турган коркунуч коңгуроосу, аяк-башы белгисиз туңгуюк, күйөөсү, бир туугандары майданга кеткендердин үмүттүү көз караштары эч кимди кайдыгер калтырбайт. 

-- Украинанын келечегин кандай элестетесиң? Зеленский мамлекетти сактап кала алабы? 

-- Украина бүгүн болбосо, эртең жеңет. Крым, Донецк, Луганс Украинанын карамагында калат. Батыштын бүт акчасы ал жакка агылууда. Экинчи дүйнөлүк согушта Батыш Германияга кандай жардам көрсөтсө, андан кем эмес көлөмдөгү инвестиция Киевге түшөт. Ошол убакытта Кыргызстан да өз мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп калса дейм. Батыш өнөктөштөргө “Украина менен катар Кыргызстан да өнүгүш керек” деп түшүндүрүшүбүз абзел. Андан тышкары, Украинанын шаарларын калыбына келтирүүгө кыргыз жарандар да өз салымдарын кошо алышат. Бирок ал үчүн Киевде адекватуу элчи болушу керек. Азыркы Идрис Кадыркулов эч кандай ишке жарабайт. 

-- Кыргызстандагы орусчул күчтөр, алардын тарапташтары Украинадан жиберген видео, фото, дээрлик интернетке чагылдырган материалдарыңды жактырышпагандай. Сени сындагандар да бар. Бирок чындык, адилеттүүлүк үчүн эмнени айтат элең?

-- Буга эки себеп бар. Россиянын пропагандасы, анан дагы элибизге Украиндагы окуялар жөнүндө маалыматтын жетишпегендиги. Ошондуктан биздин максат реалдуу жашоону көрсөтүү. Биздин мекендештер колунан келгенин жасап жатышат, буга мисалдар жетиштүү. Алар тил, этнос жагынан эч кандай тоскоолдуктарга кабылган жок. Бирок россиялык федералдык каналдар Украина тууралуу уккан адамдын үрөйүн учура турган калптарды үзгүлтүксүз айтып келет.

Анан дагы карапайым украиндердин арасында Кыргызстанды билгендери аз. Мындан кийинки милдетим – ошол Кыргызстанды жакшы билбеген украиндерге “менин өлкөм деле силердин Украинадай жарандык коом менен эсептешет, саясатты бийлик өзү билип эле аныктап коё албайт. Биздин коңшу мамлекеттерде, Россияда бийлик эле баарын тергеп-тескесе, бизде коом саясаттын кыймылдаткычы” деп айтып түшүндүрүү. Башкача айтканда, жарандык коом менен медиа өлкөнүн саясый күн тартибин аныктайт. Мен азыр аны Украинадан да көрүп жатам. Мына ушул окшоштукту кыргыз жана украин аудиториясына жеткирсемби дейм.

-- Украинадагы Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркуловдун ишмердигине кандай баа бересиң? Эмне кылып атканы коомчулук үчүн билгисиз... 

-- Азыркы дүйнөлүк саясат Киевде орун алууда. Украинанын борборуна тынбай үлкөн державалардын башчылары келүүдө. Жакынкы арадагы дүйнө жүзүндөгү геосаясый абал ошол жакта аныкталат. Ошондуктан Украина биз үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон өлкө. Ошол учурда Киевде саясый салмагы бар элчи болуш керек эле. “Чекист” Идрис Кадыркуловду ал жакка дайындоо – чоң ката болду. Биздин Жогорку Кеңеш аны дайындоого каршы чыкканда эле, бул талапкерден баш тартыш керек болчу. Азыр да ал Ардак грамоталарды Зеленскийге тапшыра элек. Муну менен Украина, анан дагы Батыш тарап сүйлөшүүгө мүмкүн экенин тастыктап жатат. Ошондуктан ал жакта профессионал дипломат, ачык, Батышты жакшы түшүнгөн элчи болушу кажет. 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер