Канатбек Исаев: “Башкы атаандашым Кудайдан коркпогон калпычы экен!”

-- Канатбек мырза, Кыргызстандагы саясый абалга кандай баа бересиз?
-- Мамлекетибиздеги саясый кырдаал, тилекке каршы, өтө оор. Акыркы учурда мыйзам бузуу фактылары көп катталууда. Кайсы бир саясатчыга же талапкерлерге же талапкерлердин тарапташтарына коркутуу-үркүтүүлөр байкалып атат.
-- Факты бар да?
-- Борбордук аянтта митинг болуп атканда өзүңүздөр көрдүңөр, 10 миңдей адамдын көзүнчө кыргыздын белгилүү саясатчыларын таш менен ургулашып, сабашып, ал аз келгенсип, чак түштө, эч бир жашынбай, маскасы жок эле тапанча менен атканга чейин барышты. Бул биздин өлкө үчүн өтө коркунучтуу көрүнүш. Буга чейин мындай окуялар болгон эмес. Болсо да аны көп узабай укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтеп-жиликтеп, ким экенин аныктап, кармап, камакка алынчу. А бизде бул окуя боюнча бүгүнкү күнгө чейин эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.
-- Аламанга аттанганыңдын эң негизги себеби эмнеде?
-- Эң негизги себеби – “өлкөбүздү оңдойлу” деген ниетте аттандым. Ооба, күрөш катуу жана кыйын болот. Утабызбы-утпайбызбы – бир Жараткандан. Акыр аягына чейин барабыз, күрөштү орто жолдон токтотпойбуз. Болбоду дегенде бийликке жалганчылар келбей, анын ордуна жандүйнөсү таза, эл үчүн ак кызмат кыла турган адамдар келишине себепкер болсом дейм.
-- Жалганчылар боюнча да фактыңыз бар окшойт...
-- Бар. Таласта эл менен жолугушуу учурунда “эки кудаңызды кызматка коюптурсуз, ушу чынбы?” десе, “Ооба, толкундаган элди тынчытыш үчүн койдум, эки кудамды” деп атпайбы. Мен ушул боюнча атайын өкмөттүн токтомун карадым. 21-октябрда эки кудасын кызматка коюптур. Ал учурда эл тынчып эле калган. Жээнбеков кеткен, толук кандуу бийликти колуна алган. Президенттин милдетин аткаруучу болуп калган, премьер-министр легитимдүү шайланган. Кайсы элди тынчытканы барды? Кудайды карабаган эргул экен. Калпты шыпыртат да. Өткөндө шайлоого аттанып атканда “мен өз ыктыярым менен президенттин милдетин аткаруудан баш тарттым, премьер-министрликти өткөрүп берип атам, катардагы талапкер катары шайлоого аттанып атам” дейт. Эмне милдет кылат? Буга мыйзам жол бербейт. Ошончо болду, премьер-министр кызматын биротоло эле өткөрүп бербейби? Ал киши убактылуу эле өткөрдү. Эртең шайлоону уттурса, “лам” дебестен барып ордуна отуруп алат.
-- Кумтөр жана Жетим-Тоо кендери боюнча оюңузду уксак дедим эле?
-- Кумтөр демекчи, “мен келсем, Кумтөрдү элге кайрып берем, элдин кызыкчылыгына иштейт. Баарыбыз Кумтөрдүн арты менен байыйбыз” дегендей таасир калтырып сүйлөчү эле... Эмне болду? Бийликке келери менен “ал жерде алтын түгөнүп калыптыр” деп, дагы бир жолу калп айтты. Чын-чынында дагы 300 тоннага жакын алтын бар. Ал эми Жетим-Тоодо 5 миллиарддан ашык запасы бар кенди кыргыз эли, Кыргыз мамлекети өзү толук кандуу иштеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Инвесторлорду тапса болот. Кытайга руда бойдон беребиз дегендери – абдан чоң жаңылыштык жана кыянатчылык. Руда боюнча бергенде биздин экономикага пайда болбойт. Кытайдын көздөп, эңсеп жүргөн ниетин ишке ашырып берген болуп калабыз.
-- Ат-Башыга логистикалык борбор куруу боюнча эмне дейсиз?
-- Логистикалык борборду курууга каршымын. Чек аранын жанында андай борбор курбаш керек. Мамлекеттин коопсуздугуна, бүтүндүгүнө шек келтире турган жагдай жаралбайт (!) деп эч ким кепилдик бере албайт.
-- “Алга Кыргызстан”, “Акжол”, КСДП, “Биримдик” деген партиялар...
-- Түшүндүм, бере турган сурооңузду. Жогорудагы аттары аталган партияларды бийликтин партиялары катары өз учурунда биз сындап келгенбиз. Азыр басымдуу жерде “Мекенчил” партиясы ээлеп алды. УКМК, башкы прокуратура, Жалал-Абад, Ош, Нарын облусунун губернаторлору “мекенчилдер” жана өкмөттүн ишин алпарып аткандар да ушу партиядан. Баягы эле кудалар, баягы эле бир партиянын өкүлдөрү. Анда мурунку президенттерден айырма эмне?! Дагы бир кызык, кесиптеш коллегалар менен сүйлөшүп калганыбызда “шайлоого аралашпай эле койчудаймын. Баары бир көлдүк абабыз утчудай” дейт бирөөсү мени карап. “Кечээ эле “Мекеним Кыргызстан” менен “Биримдик” утчудай болуп турбады беле (?) фаворит болуп, аягы эмне болду? Бүгүн кайда бул эки партия? Акча менен бийлик чече турган болсо, Максим Бакиев же Бермет Акаева же Алмазбек Атамбаев арабызда жүрбөйт беле?!” дедим мен. Бийлик менен акчадан бийик Алла Таала бар, ошол чечет.
-- Өзүң эл менен жолугуштуңбу?
-- Кечээ эле Кочкордо болдум. ОБОНчу аялдарды атайын даярдап коюшуптур. Ажылдашат, сөз жебейт, сөз угушпайт. Бакиевдин доору эске түштү. “Уядан эмнени көрсөң – учканда ошону аласың” дегендей, булар ошол убакта уяда жатып, Бакиевдин кылганын көрүп туруп, бүгүн бийликке келип алып ошону кайталап атышат да. Мындай жат нерсени унутуп баратпадык беле? Ушулбу өзгөрүү, ушулбу алдыга жылуу, ушулбу өнүгүү? Таңгаласың! Мамлекетке коркунуч жарата турган көрүнүштөр көп болуп атат. Керек болсо, көп адамдар бийликке сын пикир айткандан коркуп калышты. Башкасын айтпайын, кадимки эле соцтармактарда “өлтүрүп коёбуз, сенин жашаган жериңди билебиз! Зордуктайбыз, балаңды минтебиз, кызыңды тигинтебиз!” деп кирет. Окуп алып жүрөгүң түшөт. Ошол себептен айтат элем, “жапатырмак, баарыңар биригип, татыктуу талапкерге добушуңарды бергиле!” дейт элем. Татыктуулар көп.
-- Конституциялык реформа боюнча сиздин ой кандай?
-- Президенттик башкаруу системасын жаңылык катары тартуулап аткан бир талапкерди түшүнбөй атам. Биз муну көрбөдүк беле, аягы эмне болду? 90го жакын эр-азаматтарыбыздын өмүрү кыйылып, ошол системадан кол жуубадык беле? Араң кутулганбыз. Ал эми чыныгы парламенттик башкаруу системаны биз көрө элекпиз. 2010-жылдан бери баарын президент чечип келген. Парламент эч нерсени чечкен эмес.
-- “Парламенттик башкаруу ситемасы өзүн актаган жок. Бизге жарашпайт экен” деп көпчүлүк эл кыйкырып атат го?
-- Биз парламенттик башкаруу система менен иштеп көргөн жокпуз. Акимдин орун басарына чейин президент чечип атты. Аны өкмөт да, парламент да чечкен эмес. Ошол себептен президенттик башкаруу системасын жаңылык катары көрбөшүбүз керек. Акыры барып үй-бүлөлүк башкарууга өтүп кеткен учурга такалбадык беле же андай эмеспи? Бүгүн да угуп атабыз, “бийликке жакындары, аялы, балдары, куда-сөөгү кирише баштап, маселени чечип атат” деп. Минтип отурса аягы жакшы менен бүтпөйт. Коррупция болбош үчүн бийлик ортосунда тең салмактуулук керек. Күчтүү президент, алдуу парламент, иштерман өкмөт, көз карандысыз сот системасы – мына ушулар. А биз тең салмактуулук системаны парламентаризм учурунда гана кыла алабыз. Баардык бийликти бир колго топтогондо трагедия менен бүтөрүн жана президенттик башкаруу үй-бүлөлүк башкаруу системага айланарын унутпашыбыз керек!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити