Кайнатасын урматтаган күйөө бала унаа белек кылды
Кыргызстандык Мирлан Исагалиев аттуу ишкер ИИМдин медициналык башкармалыгына кайнатасы маркум Сапардин Аскаровдун урматына реанимобиль белек кылып, башкаларга да үлгү боло алды.
6-ноябрда ишкер М.Исагалиев 40 жыл бою тергөөчүлүк кызматта иштеп, кийин оорудан улам көз жумган кайнатасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арнап, унаа белек кылды. Ишкердин айтымында кайнатасы Сапардин Аскаров ооруп жатканда бейтапканадагы жабдыктар менен техниканын жетишсиздигин көрүп, аларга колунан келген жардамын берүүнү чечкен.
Унаанын ачкычын тапшыруу салтанатында ал укук коргоо органдары менен саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери ар дайым биринчи жардамга келишерин айткан.
ИИМдин медициналык башкармалыгынын жамааты ишкерге ыраазычылык билдирип, дарыгерлер ар дайым адам өмүрүн куткарып калууда бардык күчүн жумшай турганын билдирген.
Социалдык тармактарда ишкердин бул иши кызуу талкууга алынып, алкоолор айтылууда.