Сапар Исаков чет элдик компания менен туруктуу кылмыштык байланыш түзгөн


Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча ачык кеңешме өтүүдө. Сот финалдык чегине жетип, азыркы учурда тараптардын өз жүйөөлөрүн айтуу процесси жүрүп жатат. Азыр мамлекеттик айыптоо өз сөзүн айтууда, анын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын тарыхында алгачкы жолу мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеген жана башка кишилер өлкөнүн кызыкчылыгына өзгөчө чоң өлчөмдө, тагыраагы, “5 млрд. 439 млн. 527 миң 482 сом зыян келтирген” деген айып менен күнөөлөнүп жатышат. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана коррупция фактысы боюнча иште экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Салайдин Авазов, улуттук электрохолдингдин жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, “Электр станциялары” ААКнын Бишкек ТЭЦин модернизациялоону башкаруу тобунун директору Темирлан Биримкулов, экс-каржы министри Ольга Лаврова өтүп жатат.
Осмонбек Артыкбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толуктаганы маалым болду. Айыптоо мурдагы эки премьерге -- Исаков менен Сатыбалдиевге үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 жана 11 жыл берүүнү суранды. Мамлекеттик айыптоо С.Исаков КР президентинин аппаратынын орун басары рангында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп жатканда ыйгырым укуктарга ээ жооптуу кызматты ээлеген чиновник болуп туруп, башка кызмат адамдары жана айрым жеке адамдар менен бирге чет элдик компания менен туруктуу байланыш түзгөнүн тастыктады. Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн, мамлекет башчысына жагынып, анын колдоосу менен мансапка жетишүү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш кылып, кызмат адамдарынын жана айрым жеке кишилердин чет элдик менчик компанияга материалдык жыргылчылыктарды жана артыкчылыктарды берүү боюнча аракетине жетекчилик кылганы айтылды. Муну менен ал мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө -- 111 млн. АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирген.
Aryba.kg











