Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москвада кыргызстандык кыз 5-кабаттан кулап кетти

Москвада кыргызстандык кыз 5-кабаттан кулап кетти

17-ноябрь, 17:30
703 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москванын Павелецкая метро станциясында 17 жаштагы кыргызстандык кыз бешинчи кабаттагы үйдөн кулап кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдириди.

Маалыматта 16-ноябрда элчиликтин юристи медициналык мекемеге барып, мекендештин абалы менен таанышканын айтылат. Ал Кыргызстандын жараны экени жана кокусунан кырсык тооруп терезеден кулап кеткени белгилүү болгон.

"Кырсыктаган кыз Баткен облусунда туулган, бул жакта апасы менен жашачу. Москва районунун Дедовск шаарында окуй турганы антыкталды. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө механикалык желдетүүнүн жардамы менен жатат. Дарыгердин айтымында, кыздын абалы өтө оор. Жүрөк менен өпкөсү жабыркаган, бөйрөгү жарылып, жамбаш сөөктөрү сынган жана баш мээси чайкалган" деп айтылат маалыматта.

Бул маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынган. Азыркы тапта ага операция жасатуу үчүн мекендештердин аракети менен каражат чогултулуп жатат.

“Спутник-Кыргызстан”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер