Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, ЖК депутаты: “Спикерди кетирсек, олигархтардын кресло талашуусу башталат”

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, ЖК депутаты: “Спикерди кетирсек, олигархтардын кресло талашуусу башталат”

20-декабрь, 10:36
437 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмамбет Насырканович, спикерди алмаштыруу боюнча демилгеге көз карашыңыз кандай?

-- “Спикер бир шаардын атын туура эмес айтты” деп, бүгүн ошону бетке кармап, айрым бир топтордун кресло талашы башталып жатат. Мен айтар элем, парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө алты айдай эле калды. Жарым жылдан кийин биз бул сессияны жабабыз. Анан эки жарым жыл чыдап, алты ай чыдабай коймок белек? Эгерде азыр “спикерди кетиребиз” деген оюн башталып кетсе, бир ай бою интригадан башыбыз чыкпай калат. Коомдо болуп жаткан контрабанда, гей-парад сыяктуу башка маселелердин баары жабылат дагы, сөз спикердин тегеригинде болуп калат. Андан соң “жаңы спикерди шайлайбыз” деп экиге, төрткө, сегизге бөлүнүп алып, дагы бир ай өтөт. Андан кийин өзүнөн-өзү “вице-спикерди шайлайбыз” деген маселе чыгат. Ошентип, алты ай убакыт калса, ошонун үч айын биз кресло талашууга коротобуз. Ошондуктан, мен депутаттарды сабырдуулукка чыкыргым келет. Ушунча чыдадыңар, дагы алты ай чыдап койгула. Бизде шайлоо жөнүндө жана башка түздөн-түз тагдыр чечүүчү мыйзамдар, маселелер бар. Мына, жаз келатат. Жазда экономикалык көйгөйлөр көп болот, жазда элдин нааразылыгы болот. Ошондуктан, биз мыйзамдарды алып чыгып, өкмөттү угуп, жазга даярданышыбыз керек да. 

Кээ бирөө орусча туура эмес сүйлөп алат, кээ бирөө кыргызча туура эмес сүйлөп алат. Ошол “орусча туура эмес сүйлөдүң” дегендер өздөрү кыргызча туура эмес сүйлөйт. 

-- Анда жогорку даражадагы жетекчинин ошентип жаңылыш сүйлөп алганы нормалдуу көрүнүш дейсизби?

-- Нормалдуу эмес. Бирок, ошондон пайдаланып, олигархтардын кресло талашуусуна алып келгенибиз -- андан да өткөн ненормально.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер