Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Кой-Таш окуясына эң негизги күнөөкөр Сооронбай Жээнбеков!”

-- Мээрбек, Кой-Таш окуясы боюнча соттук иштер кантип атат?
-- Кой-Таш окуясы боюнча соттук иштердин териштирүүсү жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү каралууда. Орозбек Опумбаев менен ошол кездеги УКМК төрагасынын орун басары Талантбек Салиевдер көрсөтмө беришти. Опумбаев бетин табактай кылып, баардык операцияларды Талантбек Салиевге шылтап кеткен. Ал эми Талантбек болсо “Опумбаев баардык буйруктарды берип турган. Мен солдат катары аткардым” деди. “Ошол убакта курчоого элдер келип калган учурда эмнеге кетип калбадыңар?” деп сураганыбызда, “Опумбаев “аягына чейин тургула, ордуңардан кетпегиле” дегендиктен, буйрукту аткардык” деп жооп кайтарды. Бул жерде Кой-Таш окуясынын башынан аягына чейин эң негизги күнөөкөр Сооронбай Жээнбеков экени айдан ачык көрүнүп калды. Ал киши “эмнеси болсо да Алмазбек Атамбаевди жок кылам” деп атып, 2 миңден ашык адамды катуу жабырлантып, канчалаган спецназды жаракаттандырды (анын ичинен бирөөсү өлдү). Эмки соттук отурумда Кашкар Жунушалиевдин катышуусу күтүлүүдө. Биз сотту милдеттендирдик. Кандай болгон күндө да Кой-Таш окуясына Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Асылбек Жээнбеков, Алмамбет Салиевдер күнөөлүү. Алар сот жообуна тартылышат. Муну мен бөркүмдөй эле көрөм.