Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалгыз Ташиев УКМК менен коррупцияны түп-тамырынан кыя чаап салууга жетишпей атат

Жалгыз Ташиев УКМК менен коррупцияны түп-тамырынан кыя чаап салууга жетишпей атат

08-май, 09:00
863 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку айларда УКМК коррупцияга каршы катуу күрөшүүдө. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси, “атажуртчу” депутат Надира Нарматованын баласы кармалды. Экөө тең бажы кызматында иштеп атышып, ири суммаларга айыпталганы маалым. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүк 800 миллион 84 миң сомду мамлекетке кайтарып, бошотулганы белгилүү. Токмок мэри Урмат Самаев 25 миллион сом “кусуп”, эркиндикке чыкты. Таянган тоолору, калканчтары болсо да, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эч нерсесине карабай, мамлекетке, элдин ырыскысына зыян келтиргени үчүн жазалап жатат. Булар жакынкы аралыкта эле камалышкан “лөктөр”. Мындан сырткары жума сайын “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Коррупция” беренелери менен чиновниктер кылтакка илинишүүдө. Бирок, жалгыз Камчыбек Ташиев УКМК менен коррупцияны түп-тамырынан кыя чаап салууга жетишпейт экен. Органдардын биргелешип кызматташуусу, анан уурулукка каршы чыныгы кесипкөй, таза жетекчилер жана коомчулук да жардам берүүсү шарт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер