Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бабанов ак илбирстей болуп, ыңгайды күтүп жатабы?..

Бабанов ак илбирстей болуп, ыңгайды күтүп жатабы?..

29-март, 00:37
1 548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ак илбирстин сабырдуулугу ченде жок. Ал азыгына жетиш үчүн үч күн болсо да былк этпей жатып, качан ыңгайы келгенде аткан октой секирип, табылгасын илгиртпей баса калат. Тагдыр чечүүчү кезеңде аянбай күрөшөт. Амалдуу жаныбар. Жашоо философиясы башка жырткычтарга караганда өзгөчө...

Өмүрбек Бабановду ак илбирске салыштырууга толук негиз бар. Саясый күрөштө ал дайыма ыңгайды күтөт, мөөрөйгө жетүү үчүн чечкиндүү атсалышат. Эгер утулса, же кыйынчылыкка кабылса, багына билери белгилүү. Бир канча убакытка чейин көздөн далдаа кетет да, кырдаал чыңалып, олку-солку жагдай жаралганда кайрадан чыга келет. (Акаев, Бакиев, Атамбаев доорунан берки жүрүшүн эстегиле...) Учурда коронавирустун айынан коомчулук карантинде. Бул апаатты умрадан келген ажыкелер жугузуп, кыргыз элине коркунуч жаратты. Көпчүлүк катмар диний агымдан жийиркенишип, буктарын ичинде сактап жатышат. Өзгөчө абалдын шартына жараша жумушсуздук жаралды, бара-бара жашоо оорлошот. 70 пайыз калкыбыз жакыр. Экономикабыз эңшерилген. Коронавирус дагы канчага коркунуч туудурары белгисиз. Үйдө жамынган күндөр улана берсе, акыры кандай болот?.. 

Бабанов салттуу мусулманчылыкты карманган, көбүнесе светтик көз караштагы саясатчы. Эртең эл кыйналып, нааразычылык жарала баштаса, ал адатынча “жарк” эте чыга келсечи? Миллиондорун чачып, кайрымдуулук иштерин кылып коюшу маселе эмес. Анан көпчүлүк катмар токтоосуздан ээрчип кетсе кандай болот? Өткөн президенттик шайлоодо 600 миңден ашык добуш алган. Бул көрсөткүч эки эсе көбөйсөчү?..

Демек, Бабанов ак илбирстин образында ыңгайды күтүп, бугуп жатышы мүмкүн. Балким, секирик жасашына аз убакыт калды... Ага карата козголгон кылмыш иштери саясый кысымдын куралы беле?..

Aryba.kg    

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер