Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Хиджама коронавирусту айыктыра алабы?

Хиджама коронавирусту айыктыра алабы?

19-июль, 23:27
1 620 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күндөн бери социалдык тармакта “хиджама жасатуу менен организмди тазалап, оорунун алдын алып же тезирээк айыгууга мүмкүн” деген ой талкуу чордонунда болуп турат. “Элден элге” долбоорунун негиздөөчүлөрдүн бири Айбек Райымбеков анын практикасында жыйырмадан ашык адам ушул жол менен айыкканын айтып келет. Бул ыкманы азыркы кырдаалда натыйжалуу катары эсептейт. 

Хиджама – адамдын денесине зыяндуу заттар көп топтолгон жерлерден ичке жана капиллярдык тамырлардын белгилүү чекиттеринен кан алуу ыкмасы. 


Хиджаманын пайдасы: иммунитетти көтөрөт; кан уулуу заттардан тазаланат; кан айлануу жакшырат; ичеги-карын ооруларынын алдын алат; буттагы варикозду айыктырып, ооруну азайтат; беттин терисин жакшыртып, безеткиден арылтат. 


Кимдерге жасатууга болбойт:

-- 12 жашка чейин жана 80 жаштан кийин;

-- кандагы канттын деңгээли жогоруларга;

-- бөйрөктүн жетишсиздигинен жабыр тарткандарга;

-- кош бойлуу учурда, этек кир келгенде;

-- кандын начар уюшунда;

-- аз кандуулук жана төмөнкү кан басымы барларга.


Алмаз Райымбеков, ыктыярчы: “Бул ыкманы эч кимге таңуулабайбыз” 

-- Алмаз, өзүңүз дарыгер болбосоңуз кантип бул ыкманы иликтеп, элге сунуштап атасыз?

-- Ооба, мен медик эмесмин. “Хиджама” десе кээ бир адамдар түшүнүп-түшүнбөй эле ызы-чуу сала башташты. “Кантип эле хиджама вирусту өлтүрсүн?” деп атышат. Ооба, вирусту өлтүрбөйт, коронавирустун дарысы азыр табыла элек. Ооруну иммунитети күчтүүлөр сезген жок. Алсыздар кыйналып калды. Ушундан улам организмди сактап калуу үчүн, иммунитетти көтөрүү үчүн азыр канды суюлтуп ийчү уколдорду жасап атышат. Кан эмне үчүн суюлуш керек? Иммунитет менен вирус күрөшкөн учурда канда таштанды, мындайча айтканда, өлгөн клеткалар көбөйүп, кан коюуланып кетет. Организмдеги таштанды заара, тер аркылуу сыртка чыгып турушу керек. Бирок вирустун айынан бөйрөк, боор, өпкө жабыркагандыктан организм алсыз болуп, кан коюуланып, тромб пайда болуп атат. Ушул учурда хиджама жасатса, организмдеги кир кандын баары чыгып кетет. Хиджама вирусту өлтүрбөйт, канды тазалап, организмдин вирус менен күрөшүүсүнө гана жардам берет.

-- Кантип текшерүүдөн өткөрдүңүз? 

-- Бишкек өткөндө эки ай карантинге жабылганда элди аралап, кайрымдуулук иштерин кылып жүрдүк. Ошондо четинен оору жуктуруп алдык. Он чакты күн катуу оорудук. Менин башым ооруп атканда “кан басымым көтөрүлүп атат го” деп хиджама кылдыргам. Себеби, бул ыкманы мен 2008-жылдан бери колдонуп келем. Сакайып кеттим. Көп өтпөй атам катуу ооруп, дене табы түшпөй атты. 7-8 дарыгерге кайрылып, жазып берген дарыларды көрсөк, көбү эле кандын уюп калуусунун алдын ала турган дарыларды жазып берген экен. “Эмнеге антибиотик сайбайсыңар?” десем, доктурлар “антибиотик колдонгондо иммунитет түшөт, иммунитет түшкөндө организм вируска туруштук бере албай калат” дешти. Вирусту тердеген жол менен чыгаруу керек экен. Кан коюлуп өпкөгө толгондо адам пневмония болот тура. Эң негизгиси, организмде кан коюуланбай жакшы айланып турса, адамга вирус жолобойт экен. Көп өтпөй кошунам ооруп калды, 15 күндө өпкөсүнүн 48%ы пневмония болду. Аны да хиджамага алып барганда жакшы жыйынтык берди. Жыйырмага жакын адам хиджама аркылуу организмдеги өлүк канды чыгарып, айыгып кетишти. 

-- Айыккан адамдар эмнеге ачык айтып чыкпай атат?

-- Акыркы үч күндөн бери жөтөл басылбаган, бүктөлүп кыйналып аткан тааныштарыбызды хиджамага алып барганбыз. Арбыны сергип, айыгып келе жатышат. Бирок көбү элдин кабыл алуусунан чочулайт окшойт, ушул жол менен айыкканын уккандар кечке чалып алып, ар кайсыны сурашат экен. Ошондон улам “хиджамадан айыгып чыктым” деп ачык чыккандан карманып атышат. 

-- Коомчулуктун реакциясы сиз күткөндөй болгон жок окшойт... 

-- Акыркы күндөрү пневмониядан каза болгондордун саны кескин көбөйүп кеткендиктен, бул ыкманы сунуш кылып айтып чыктык. 6-7 медицина өкүлдөрүнө кайрылып көрсөк, “эмнеге бул ой бизге мурда келген жок?” деп атышат. Азыр сыноо аягына чейин чыга элек. Толук кандуу иштелип бүткөн вариантын элге сунуштайбыз. Ооба, азыр ар кайсыны айтып, биздин ниетти тескери буруунун аракетин көрүп аткандар жок эмес. “Элге кичине жардам болсун” деп көргөн-билген нерсебизди ачык айтып чыктык. Биз эч кимди мажбурлабайбыз, эч кимге бул ыкманы таңуулабайбыз. Болгону ооруну жеңүүнүн бир жолу катары карап, сунуштап атабыз. Тандоо ар бир адамдын өзүндө. 


Социалдык тармакта бул демилге колдоого алынып, ошол эле учурда курч сындалууда. Алтургай бул маселени талашып-тартышып, урушкандар да жок эмес. 


Ману Сафаров: -- Жөө жомок айтпай Гансиге барып иштесеңер болмок...


Аваз ТьянШанский: -- “20 киши жакшы болуп кетти” деп карайлап турган элге кайсы бириңердин медициналык билимиңердин негизинде таянып айтып атасыңар? Эми силердин экспериментиңерге ишенип канчалаган адамдар медицинадан баш тартып, оорулары өрчүшүп кырылбаса болду. 


Айнагүл Сыдыгалиева: -- Бул жөн гана сунуш. Мындан маселе жаратуунун кереги жок. Колдонуу ар бир адамдын өз эрки.


Тынчтык Алтымышев: -- Биз так даректи беребиз, өз алдынча биз бербеген даректен кылдырып башка жыйынтык алып калсаңыздар, жоопкерчилик бизде эмес. Биз өз бейтапканабызга гана жооп беребиз! 


Жылдыз Мамбеталиева: -- Оорулуулардын көбү кан суюлта турган клексан, гепарин дарыларын ичип атышат. Хиджама – бул кан агызуу. Ал эми кээ биринин каны токтобой калса кантесиңер? 


Алмазбек Акматалиев: -- Алмаз, эң негизги далил – айыккан бейтаптар. Айыккан реалдуу адамдарды видеого тартып, интервью алгыла! Ооруп, хиджамадан кийин жакшы болгонун өз ооздорунан угалы.


Айбек Байышев: -- Силер ушуну жайылтып жатасыңар! Эртең бирөө-жарым өлсө, күнөө силердин мойнуңарда болот! Кана, кайсы бир доктур силерди колдодубу? 


Саид Рахман: -- Хиджама адамдын канында жугуштуу илдет, вирус болбогон учурда гана жасалат. Талаптагыдай жасалса хиджама табылгыс дары. Профилактикада өтө пайдалуу нерсе. Айрыкча канды суюлтуп, кан айланууну нормалдаштырат. 


Хиджаманын жардамы менен айыктым дегендердин бири Аким төмөнкүлөргө токтолду: 

-- Сөзүмдүн башында бул менин тандоом жана бул ыкманы эч кимге таңуулабайм деп баса белгилегим келет. 3-июль күнү рентгенден эки тараптуу пневмония экеним көрүндү. Доктурлар мага 7 күнгө эки дозадан цефтракцион жана башка дарыларды жазып беришти. Ошол эле учурда хиджама кылдырдым, дем алуум жеңилдей түшкөнсүдү. Аны менен кошо дем алуу гимнастикасын жасап аттым. Андан кийин далыма хиджама жасаттым, биринчисинде көкүрөгүмөн жасаткам. Ден соолугум күндөн-күнгө жакшы болуп, жөтөлүм басылды. Ошол эле учурда келинчегим ооруп аткан, мага караганда катуурак ооруду. Дене табы түшпөй, тынымсыз жөтөлүп атты. Бир ирет хиджама жасатканда абалы кыйла жакшырды. Туура бир жумадан кийин кайталап рентгенге түшсөк, өпкөбүз таза, пневмония жок деп чыкты. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер