“Өкмөт, айыл чарба министрлиги дыйкандарга көмөктөшпөсө, оорчулук күтүлөт”


-- Күйүүчү май барган сайын кымбаттап баратат. Айыл чарба министрлигинен дыйкандарга камкордук көрүүсү жокко эсе. “Кийинки жылга карата жер иштетүү солгундап кетсе, анык кризиске кабылбайбызбы?” деген суроо менен эксперттерге кайрылдык.
Тилек Токтогазиев, экс-министр:
-- Сөзсүз түрдө таасир этет. Анткени Россия-Украина согушу буга чоң залакасын тийгизип жатат. Россиядагы күйүүчү майдын көбү эле өздөрүнө, согушка жумшалууда. Казактардыкы кең талаасынан артпайт. Солярканын баасы мындан дагы жогорулап, 90 сомду чапчышы ыктымал. Бул абал, албетте, дыйкандарды да кыйнайт. Алар үчүн күрөөсүз кредиттердин көлөмүн көбөйтүү зарыл. Азыр дыйкандар 250 миңге чейин күрөөсүз кредит алса болот. Эгерде ошону жок дегенде 500 миңге чейин көтөрсө, реалдуу жардам болушу мүмкүн. Андан тышкары, резервге сактаган чоң көлөм жок. Бул багыт дагы роль ойной албайт. Дүйнөлүк рынок өзгөрүлүп жатат. Салык жагын, НДСти алып, өкмөт, айыл чарба министрлиги дыйкандарга көмөктөшпөсө, оорчулук күтүлөт.

Төрөгул Беков, эксперт:
-- Күйүүчү майлар көп эле кымбаттабастан бир аз баасы түшүшү керек. Ар жылы жазгы талаа жумуштары башталып аткан кезде өкмөт тараптан жана айыл чарба министрлигинен жеңилдетилген баа менен жардам берүү жагы каралган. Мен ойлойм, келерки жылы жазгы талаа жумуштарына өкмөт, айыл чарба министрлиги караштырса керек, күйүүчү майларга жана башка кем-карчтарга жардам берүү жагын. Бул боюнча мамлекеттин стратегиялык пландары иштеп жатат. Атайын адистер жөн отурбайт деп ишендирип кете алам.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











