Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өкмөт башчылыкка пиарчы эмес, иш натыйжасын көрсөткөн адамды күтөбүз”

“Өкмөт башчылыкка пиарчы эмес, иш натыйжасын көрсөткөн адамды күтөбүз”

17-январь, 21:18
1 214 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элибиз президентибизди шайлап алгандан кийин премьерлик кызмат орду талкууга түштү. “Өлкө башчылыгына ким татыктуу? Ким ишти алып кете алат?” деген суроолорубузду узатканда активисттер айрым саясатчылардын артыкчылыктарын белгилеп өтүштү.

Акбалык Жумалиева, жарандык активист:

-- Мелис Мырзакматов чиновник да эл үчүн иштесе боло тургандыгын көрсөткөн бирден-бир көзгө басар, үлгү болор инсан болуп, шаар эли эле эмес, алыскы аймактардын элинин да жүрөгүнөн орун ала алды. Ал мекенчилдиги, көрөгөчтүгү, адилеттүүлүгү, эрктүүлүгү менен башкалардан айырмаланып, эл ишенимине ээ болгон күчтүү менеджер десем жаңылышпайм. Мелис Мырзакматовдой инсан президенттин командасына аба-суудай керек болуп турат. Андыктан азырынча премьер-министрликке, кийин бул кызмат орун жоюлса, жооптуу аткаруу бийлигиндеги кызматка сунуштаар элем.

Адилет Айтикеев, жарандык активист:

-- Мен премьер-министр катары Мелис Мырзакматовду көргүм келет. Бүгүнкү  күндө ар кандай божомолдор айтылып, “тигил революцияда күрөштү”, “мунун эмгеги бар” деп жатышат. Андай критерий менен тандабашыбыз керек. Премьер-министр экономикага түздөн-түз жооп берген маанилүү кызмат. Ошондуктан бул кызматка тажрыйбасын, мекенчилдигин, чарбакерлигин, анан капитализмдин сырын билгенди шайлашыбыз керек. Мырзакматов Ош шаарын башкарганда чарбакерлигин, тажрыйбасын, ишбилгилигин, өз позициясын мыкты аткара алгандыгын улуттук кызыкчылыктардын баарын жогору койгондугун жакшы билем. Андыктан, ал татыктуу инсан. 

Максатбек Казакбаев, жарандык активист:

-- Ооба, буюрса элдин мүдөөсү тынчтыкта аткарылып, президент шайланды. Аны менен бирге референдум да ийгиликтүү өттү. Мында да элдин каалоосу президенттик башкаруу болду. Менин сунушум: премьер-министрдин кереги жок, себеби өкмөттү эми президент өзү башкара алат. А болбосо, премьер-министрлик кызматка мен Мавлян Аскарбековду сунуштайт элем. Себеби, өткөн бийликтин мезгилинде оорчундуу көйгөйлөрдү көтөрүп, соттолуп, куугунтуктарды көргөн эле. Мисалы, Дача-СУ, чек ара, сот реформасы ж.б.у.с. аягына чыгарат эле (!) деп ишенем.

Жакшылык Матанов, “Интелект” окуу борборунун жетекчиси:

-- Биринчиден, пандемия, экинчиден, акыркы саясый окуялардан кийин мамлекетти экономикалык оор абал күтүп турат. Негизинен өкмөт башчыга абдан көп жумуш түшөт. Аябагандай чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Бир тараптан экономикалык кризис, экинчи тараптан саясый туруктуулук сыяктуу иштер.  

Менин жеке оюмда, экономиканы түшүнгөн чарбачыл адам керек. Элдин көйгөйүн жонтериси менен сезе алган, кылган жумушунун натыйжасы көрүнгөн бирөө келсе деген тилектемин. Кичине бир иш жасап, чоң пиарга айланткандар көбөйдү. Андай пиар эмес, иш натыйжасын көрсөткөн адамдарды күтөбүз.  Мисалы, Улукбек Кочкоров, Мелис Мырзакматов, Өмүрбек Бабанов үчөөнүн бирөө болсо жакшы болмок деп ойлойм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер