Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Өкмөт менен ишкерлерди байланыштырчу аянтчалар бар”

Аскар Сыдыков: “Өкмөт менен ишкерлерди байланыштырчу аянтчалар бар”

28-август, 09:50
511 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору менен маек.

-- Биздин ишкерлерге бүгүн мамлекеттин камкордугу кандай? Өнүгүүлөр барбы?

-- Өнүккөн өлкөлөрдө ишкерлер менен түздөн-түз диалог өтүп турат. Бизде да колдон келишинче ушундай диалог курууга аракеттер, ишкерлер байланыша турган бир нече аянтчалар бар. Бул – өкмөттүн алдындагы инвестициялык кеңеш, антикоррупциялык ишкердик кеңеш жана Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы ишкерлер кеңеш. Улам тийиштүү деңгээлде ишкерлер бирикмелери менен сүйлөшүүлөр, кеңешмелер өтүп турат. Ошол мезгилдерде өз көйгөйүбүздү билдирүүгө аракет кылабыз. Андан сырткары, массалык маалымат каражаттары аркылуу ишкерлер маселелерин көтөрүп жатабыз. ММКларды эркин сактоо боюнча да оюбузду айтып келебиз. Сөз эркиндиги, массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги сакталышы шарт. Канчалык көп ошол маселелер ийне-жибине чейин талкууланып турса, маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү ошончолук көп болот. Ошондуктан ушундай диалогдорго мындан ары дагы жигердүү катышууга аракет көрөбүз. Мындан тышкары, жер-жерлерде кеңешмелер өтүп жатат. Мисалы, ишкерлерди колдоо борборлору ар бир облус борборлорунда ачылып, ийгиликтүү иштеп келет. Ошолордун жардамы менен маселелерин айтканга мүмкүндүк бар. Биз дагы региондорго чыгып сүйлөшүп, министрлер, башка аткаминерлер да түздөн-түз ишкерлер менен жолугуп, маселелерин чечкенге аракеттер болуп жатат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер