Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшебай Усубалиев: “Элеттик аңгемелерден” эленген ойлор, же жалгыздыкка кетчү жол

Бейшебай Усубалиев: “Элеттик аңгемелерден” эленген ойлор, же жалгыздыкка кетчү жол

23-июль, 20:30
498 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Публицистикалык ой толгоо)

-- Что поделываете, полковник?

-- Да вот сижу, - отвечал он, -- жду когда понесут мимо гроб с моим телом. (Г.Г.Маркес)

- 1 -

Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун аңгемелери салттуу аңгемелерге окшошпогондуктан, мен психологдорго кайрылууга мажбур болдум. Атактуу психолог З.Фрейд өз мезгилинде Достоевскийдин чыгармачылык ишмердүүлүгүн атайын иликке алып, жазуучуга мүнөздүү төрт сапатты, б.а. художниктик-сүрөткерлик кудуретти, моралист, талмалык, кылмышкерлик белгилерди көрсɵтүп келип, сүрөткерлик дарамети боюнча Шекспирдин катарында турарын, анын “Бир тууган Карамазовдор” романы дүйнөдɵгү теңдешсиз чыгарма экендигин суктануу менен белгилеп өткөн. Андан ары бул алп жазуучунун эстетикалык дөɵлөтүн ачып берүүгө чама-чаркы жете бербестигин мойнуна алып, калган сапаттарын айкындап берүүгө өтөт. Булардын ичинен мени кызыктырганы – Достоевскийдин кылмышкерлик табият маңызы. Анткени жетесинен ары боорукер, жанда жок күйүмдүү (муну Фрейддин өзү да белгилеп көрсөтөт) сүрөткерде кылмышкерлик да бугуп жатат (!) дешке кантип ооз барат? Ошентсе да Фрейд: “Сүрөткердин кылмышкерлик табияты – анын жазуу үчүн тандап алган фактылык материалдарынан айкын көрүнүп турат” дейт. Чындыгында эле, башкаларын тим эле коёлу, жазуучуну кɵкɵлɵтүп жүргөн “Кылмыш жана жаза”, “Бир тууган Карамазовдор” романындагы материалдарга назар салып көрөлүчү: өзгөчө өлүм, өзгɵчɵ, тири шумдук өлтүрүүлөр. Андыктан психологдун пикирине кошулбай коюуга эч кандай айлам калган жок.

Эмне экенин билбейм, Асан Жакшылыковдун аңгемелери менин назарымды негедир ушул жаатта эле буруп туруп алды. Анда жазуучунун фактылык материалдарына кɵз жүгүртүп кɵрɵлүчү. Аталышы эле айкындап тургандыктан (“Элет аңгемелери”), элет материалдарын чагылдырганы ɵзүнɵн ɵзү эле белгилүү болуп турбайбы (?) дегендер четтен чыгары белгилүү. Бирок “ушул элет материалдарынын ɵзɵгүн эмне түзɵт?” деген олуттуу суроо да туулуп отурбайбы! Менимче, өзөктү кандайдыр бир кусалык, бушаймандык, анан да аруулук менен күйүт түзүп тургансыйт. Бул белгилер кыргыздын кыргыздык касиет-сапаты, нурку менен нарк-насили, кулк-мүнөзү, каада-салты менен чырмалыша байланышына келет да, биз бул дүйнɵгɵ, жарыкчылыкка кыргыздыгыбыз үчүн гана кызыкпыз, кыргыздыгыбыз менен гана керекпиз, андыктан кыргыздык насилибизди дүйнɵ жүзүнɵ ачып берүүгɵ милдеткербиз (!) деген улуу да, кымбат да милдетти коёт. Албетте, муну жүзɵгɵ ашыруу – мойнубуздагы ыйык парзыбыз. Бирок Жакшылыковдун кɵксɵсү буга суубай жатат, ал ɵзүн кусалыкка чɵгɵргɵн санаркоону тексттеги экинчи катмар (кɵзгɵ илинбеген) аркылуу каңкуулап жатат. Ал момундай: “Дүйнɵ элин мындай эле коёлу, биз кыргыздыгыбызды, кыргыздык касиет-нуркубузду эмне үчүн ɵзүбүзгɵ – кыргыздарга эле ачып берүүгɵ, жеткирүүгɵ жана сиңирүүгɵ кудурет-күчүбүз жетпей жатат? Биз кайда баратабыз?” Албетте, бул суроонун ɵзү эле биздин шорубуз. 

Талдоого ɵтɵрдɵн мурда атайы эскерте кетчү бир жагдай: мен аңгемелерге адабий жана лингвопоэтикалык илик жүргүзɵ албайм, бул атайын даярдыкты талап кылчу ɵзүнчɵ бир иш; аңгемелерди окуп чыккандан кийин кандай ойлорго кабылдым, мени эмнелер ой-санаага чɵгɵрдү жана чɵгɵртүп жатат – мына ушулар тууралуу гана ой бɵлүшкүм келди. 


- 2 -

Жыйнак “Жеңемдин кадыры” деген, негизинен күлкү чачыраткан аңгеме менен башталат. Ашымбек – башкы каарман, жетекчилик кызматтарда иштеп, өмүр кечирет. Дайыма жакасы аппак, кийими таптаза, курсагы ток, жумушуна барат-келет, баш оорутар эч бир кем-карчы жок, Кабаватанын сөзү менен айтканда, “уйкудагы сулуу”. Ушинтип жүргөндө Ашымбектин башына каран түн түшөт – жубайы Калича оор дартка чалдыгып, кɵз жумат. Майдалап отурбайлы, Ашымбек Каличадан ажыраганда жалгыз калдыбы же ага чейин эле жалгыз беле?! Көрсө, Ашыкем Калича менен чогуу жатып, чогуу жүргөндө эле жапжалгыз жашачу экен, муну ал Каличадан ажырагандан кийин гана акылы менен болбосо да жүрөгү менен туюп, ичинен кан ɵтүп отурбайбы. Эми ушул бирге туруп, бөлөк жашашкандыгы үчүн кимисин күнөөлөй алабыз? Буга биздин акыбыз барбы? Бул эмне, Ашымбектин акылынын кемдигиби, элеттик энөөлүгү менен баёолугубу, адамдык өзүмчүлдүгүбү, кыргыздык адебиби? Балким, жарынын жалгыздык сазына батып бараткандыгын эскертүүгө жана сестентүүгө кудурет-күчү жетпеген Калича жеңебизде да бир кеп бардыр? 

Албетте, тирүү жан эмеспи, Ашымбек Каличадан кийин деле үйлɵнбɵй койгон жок, бир эмес бир нече жолу тɵшɵк жаңыртты окшойт. Бирок анын бирɵɵ да Ашымбекке түтпɵй койду (туурасы, Ашымбек аларга түтпɵй койду ɵңдɵнɵт), келишим менен келет да кетет. Бул жерде, бирок, кеп жаңы жеңелерибиздин Ашымбектин жүрɵгүн жылыта албай койгондугунда эмес, а анын жүрɵгү жылуу мүмкүнчүлүгүнɵн ажырап калгандыгында, жалгыздык тузуна биротоло сиңип кеткендигинде жатат. Мындай жүрɵк менен ал Калича менен гана жашай алмак, жашап жаткандыгын сезбей жүрүп, жарыкчылык менен кош айтышып, ɵтүп да кетмек, экɵɵ тең “жашоо деген ушундай экен да!” деп бир күрсүнүп алып, ɵтүп кетишмек. Бул жагынан алганда, Ашымбек бактылуу экен да, анкени ал кандай жашап келгендигин акылы менен болбосо да, жүрɵгү менен туюуга үлгүрүп калды го! А Калича жеңебизчи? Бирок Ашымбегибиз жүрɵгү жылуу мүмкүнчүлүгүнɵн ажырап калганын да туюп кетти го, бул болсо арылбас шор эле. Мындай ɵңүттɵн алганда, ɵлүп калса да Калича жеңебиз бактылуу экен да. Айтор, жазуучу ушинтип улам бир жыландын башын кылтыйтып отурат, аны ээрчип отуруп, акыры “деги мен ɵзүм жалгыз жашап жаткан жокмунбу?” деген суроого ɵзүңдɵн ɵзүң кабылып, бир “селт” этип алат экенсиң...


- 3 -

Эгемендикке, арабдар, алар менен бирге миңдеген мечиттер, үгүт-насааттар келгенге чейинки молдолор, жалпы эле кыргыз эли диндин (ислам) сырткы турпат формасынан (намаз окуу, орозо ж.б.) мурда анын ички дүйнөсүнө, рухий кенч-байлыгына өзгөчө көңүл буруп, тулку боюна сиңирип, аларды кыргыздын үрп-адаты, каада-салты менен айкалыштыра билип, натыйжада, динди да, каада-салтты да ыйык тутуп келишкендиги бүгүнкү күндɵ айдан ачык айкын болуп калды.

Буга байланыштуу Маштай молдо (“Маштай молдо”) менен обкомдун секретары Накен Сыдыковдун ɵз ара кагылышуусун айтпай кетпесек болбойт. Сыртынан караганда, Маштай молдо обкомду кепке жыгып, отургузуп койгондой кɵрүнөт. Бирок бул экөөнүн сырткы (угулган) айтышуусунун гана натыйжасы, эгер жазуучу ушуну менен гана чектелсе, бул кагылыш ɵзүнүн эстетикалык да, нравалык да кудуретинен ажырап калмак. Кеп бул жерде сырткы айтышуу менен жарыш жүрүп жаткан ички баарлашууда (психолингвистикада алигиче табият – маңызы тактала элек ички кеп деген түшүнүк бар) жатат. Молдоке менен обком беттешишкенде эле бирин-бири жутуп алышкан. Накен Сыдыковдун жаны мээнеткеч экендигин, мындай адамдардын жаны дайыма кыйноодо жүрөрүн, алар үчүн ар бир нерсе, иш (чөп, кызылча ж.б.) анын жанына, тагдырына айланып кетерин, бул жагдай алардын өздɵрүнө да ээлик бербей, калчай берерин кыраакы молдокебиз туя билди, ошон үчүн “Кудай кайсы жерде, көрсɵтчү?” деген обкомдун суроосуна “Кудай ушул кызылчанын түбүндө, болгондо чоң кызылчанын түбүндө, ошон үчүн кызылчабыз ушундай түшүм берип жатпайбы!” дегендей мүнөздө буйдалбай жооп берип жатат. Бул чындыгында “чоң кызылчанын түбүндө сенин мээнеткеч жаның, түйшүкчүл уйгу-туйгуң, ар бир нерсени ɵз тагдырындай кабылдай алган касиетиң жатат, ошон үчүн кызылчабыз ушундай мол түшүм берип отурат” деген жооп болчу. Дал ушул касиеттери үчүн “Кудай жок!” деп канкакшап жүргөн секретарды Кудайдын өзү кадырлайт. Ошентип, жандын мээнеткечтик касиети менен Кудай бул жерде барабар болуп калат. Молдокебиздин эч кимге угулбаган ички кебин туя билген обком да “сиз молдо эмес эле чоң саясатчы турбайсызбы?” деп бир эсе таңданып, бир эсе суктанып отурат. Анан “биз Кудай жок дейбиз!” деп кесе айтып туйлаган ушул эле обком кызылча тааласынан түз эле молдонун үйүнө атайын кайрылып, короо-жайы менен таанышып, даам сызып кетип отурбайбы. Жаны мээнеткеч мындай адам заманына жараша Кудайды танса да, элдик наркты тана албайт болчу. Бул жерде адамдык нарк-насил жөнүндө дагы көп нерселерди айтар элек, бирок азырынча ушуну менен чектелели. Ошентсе да Накен Сыдыковдой инсандардан бир гана текеберликти, манчыркоону, өзүмчүлдүктү көрө алган жазуучуларга дарактын артында турган токойго да назар бурсаңар экен (!) деп эскерте кетким келет. 

“Адал ойлоп, адал иштеп, адал жашаш үчүн Кудай деп жүрүш керек” деген дагы бир молдонун (“Молдонун уулу”) насаатына шопур уулу: “...туура, мен бир аз арак ичем, ... элди тез жеткирейин деп чымын-куюн кылып айдайм. Эл ошондо Кудайды эстешет, ошондо кудайлашат, жандары оозуна тыгылганда гана жан эмне экенин билишип, анан коркуп, кудайлап атышпайбы. Коркпосо эч кимиси кудайлабайт. Кудайды жай отуруп эске алган, Жаратканды эч унутпаган жалгыз сиз, бул айылда өзүңүз эле” деп сөзгө жыгып отурбайбы! Молдонун уулунун оюн-чыны аралаш сөзүнөн улам бүгүнкү абалыбыз аргасыз эске түшүп жатат. 

Мына, бүгүн президент баш, бала бакчанын тарбиячысы төш болуп “улуттук баалуулук, каада-салт” деп сайрап жатышат. “Мен кыргызмын, мен улуу калктын урпагымын!” деп ырчыларыбыз жаңыртып жатышат, аалымдарыбыз болсо теле менен радиодон элибиздин улуулугу, каада-салтыбыздын ыйыктыгы тууралуу илимий далилдер менен какшап келишет. Бирок жугуму кандай? Сиңимдүүлүгү кандай? Мына ушул собол жүрɵктү ɵйүтүп, “селт” эттирбей койбойт. Же эмне, молдокенин уулунун ыкмаларын колдонушубуз керекпи? Айтор, үгүт-насаат менен бирге башка ыкмаларды да колдонуу керекпи дейбиз, үгүт-насааттын ары жагында бугуп жаткан ɵзɵктɵ бир мандем барбы?

Анда “Сейдикерим” аңгемесине өтөлү. Бел-күчтөн тайып бараткан Сейдикерим санаага батат: Кыздары – туягы болгону менен, эркек уулу – тукуму жок, ушинтип тукуму үзүлүп калабы? Байбичеси эстүү жан экен, Сейдикемди кайрадан үйлөнтүп, ал жубайы эркек төрөп берип, атын Байыр коюшуп, эки үй-бүлө жомоктогудай эле жыргалдуу жашоо кечирип жатышат. Бирок башынан эрке өскөн Байырыбыз жанда жок жалкоо чыгып, төрт жылдык мектепти жылда көчпөй калып отуруп, эптеп 10 жылда бүтүрөр-бүтүрбөс абалга келет. Баласынын өксүгүн какшаган мугалимдерге Сейдикемдин мындай бир гана жообу бар: Көчпөсө көчпөсүн, сабакты билбесе билбесин, аман жүрсө эле болду. Төрттү бүткөндөн кийин башка айылга барып (мектеп төрт жылдык эле) окушу керек экен, ошондо мугалимдер “уулуңду жалаң “5” менен көчүрөлү да, башка мектепке бешинчи класска башка айылга жөнөтөлү” дешет, бул үчүн бир нерсе үмүттөшкөнсүп. Сейдикем ошондо бир чок басып алгандай секирет. Башка айылга барса эле баласынан айрылып калчудай сезет. Бөлөк айылда баласынын жаны кыйналып жатканын элестетип, заманасы куурулат. Ошондо баласынын амандыгы гана жүрөгүндө биротоло уюп калган Сейдикерим мугалимдерди төрт дүйнөсүн чачып коноктоп туруп, акырында минтип жалынып жатпайбы: “Молдокелер, суранарым, баламды жылуу ордунан козгой көрбөгүлө, ал ушул жерде окуп, ушунча жыл көнүп алды, бирок көчүрүп убалына калбагыла баламдын, көчүрбөй калтыра көргүлө, молдокелер!” Мугалимдер, аны менен кошо биз да дел болуп эле отуруп калдык. Отуруп калдык да, бүгүнкү күнгө жетип, төбө чачыбыз тик тура түштү.

Байкуш Сейдикем Кудайдан бир гана нерсени тилейт, ал – жаманынын (баласынын) амандыгы. Бул жагынан Сейдикем бүтүндɵй ата-бабаларыбыздын жалпылаштырылган символикалык элес-образы, ал эми анын тилеги – башка тилдерде кездеше бербеген “алдыңа кетейин!”, “айланайын!”, “балакетиңди алайын!” деген ɵңдүү ак дилден чыккан жалынып-жалбаруулардын тирүүлɵй элеси. Мойнубузга алгыбыз келбесе да, бул жерде бир акыйкатты айта кетели: биз бүгүнкү күндɵ жогорудагы ыйыктыктын ыйыктыгын (амандыгын тилɵɵ) сезип-туюп да, сезип-туйбай туруп да, акырын, купуя артка жылдырып койгондойбуз. Энелердин курсагы билине баштаганда эле кɵпчүлүгүбүздɵ кандайдыр бир  кооптонуу, чочулоо сезими пайда болгонсуйт, анан акыры курсакта жаткандардын кулактарына “аман төрөлсө экен, аман жүрсө экен, узун өмүр сүрсө экен!” деген тилектен мурда “төрөлүп калса, кантип жашайт? Бай жашаса экен, атагы чыкса экен...” деген тилек (тилек дешке ооз барбайт) жаңыра баштап жатпайбы. Анан өзөгүн ушундай көрдүйнө түзүп калган балдарыбызга үрп-адат, салт-санаа кантип жугат да, кантип сиңет? Телмире тиктеп, бизди угуп жаткансыганы менен баш мээсин да, жүрɵк мээсин да Токтосун байкенин (Самудинов, эл акыны) Түнкү Парижи уялап, Париж багындагы от жуткан, айнек жуткан “керемет” оюн-зооктор ээликтирип жатпайбы. Анан кантип!.. 

Сейдикеримдин жаналакетке түшүп жатканын кɵрүп туруп, дагы бир нерсе аргасыздан эске түшɵт. “Не деген киши эле, атаңдын кɵрү, тукум калбай калбадыбы, кыздары жүрөт дечи...” деген өзөктөн чыккан наалууларды угуп чоңойбогон кыргыз балдары жок болсо керек. Бул кыз балдарды кандайдыр бир кемсинтүү (чындыгында, кыз баланы сыйлоо жагынан кыргыздарга тең келчү бир да улут жок!) эмес болчу. Тукумду улоо, тукумду үзбөө – бул кыргыздардын ɵзгөчө бир нарк-насили окшойт, ушундан улам мен да өзүмчө элестетип көрдүм: бир айылдан он эле үйдө жалаң кыздар төрөлүп, эркек бала болбой калса, он-он беш жылдан кийин ошол он үй бозоргон мазарга окшошуп калып жатпайбы! Элестетип алып, ойлонгондон коркуп кетесиң. Мындан соң бүгүнкү күндɵгү кыйыр аралап кылымдарга тɵнүп кетип жаткан кыздарыбыз (“кыздары жүрɵт дечи...” деп каниет кылчу элек го) эске түшүп, ичибизден кан ɵтүп кетет. 

Каада-салт демекчи, өзүнүн кыраакылыгы, нарктуулугу менен бир айылды былк эттирбей башкарган, баккан байбичелердин бири Мыскал энеден (Тɵɵ кɵз) буйтап кетүүгө акыбыз жок. (“Ысмадиярдын жеңелери”) Тɵɵ көз энебиз Ырыстын (уруунун аты) мал-жандуу бир баласын тээк кылып жайлоого чыгат. Жайлоодо да боз үйдө отуруп эле таягы менен баарын башкарат. Тээк кылган баласы кычкылга жакын эле, анын жинин каккандай болот. Анан ушул жини кагылган баласы бир күнү жакага кетип, үч күн бою дайынсыз жоголот. Үч күндɵн кийин кайтып, Кытайды чаап келгенсип, кудага барып, намыска жарап келгенин жарыялап, элдин эсин эки кылат. Демейде эсепке кошулбаган бул “кычкылдын чемпиону” менен Борбодой атабыз кандайча кудага баруу бактысына туш болуп калды эле? Көрсө, “кычкыл чемпиону” үч күн тынбай арак ичип, кудалардын оозун Ошту каратып, мөрөй алып берген тура. Эми Борбодой байкесинин “эрдигине” назар буралы: “Кудалардын оозу ачылды, бир койдун толук этин... Борбодой байкем өзү эле жеке жеп... табакты таптаза жалап-жуктап бүтүп, кудаларды сынай карап турбадыбы!.. Бу сөздү укканда Төө кɵз эне безге сайгандай секирет: “Ок, табакты жалаганы эмнеси, сыйдын наркын бузуп! Биздин Ырыстарды кутулбас сөзгө калтырган тура, эт жебей эмирең кал!”. Жок, бул жерде Борбодой Ырыс уруусун эле эмес, бүтүндөй кыргыз элин жер каратып отурат. Эркектин табак жалаганы – бул кыргыз наркында жок, бул өлүмгө тете! Көрсө, наркты биз ушинтип майдалап, кичинеден көзгө илештирбей кемирип жеп отуруп, түбүнɵ жете берет экенбиз да. Бул – бир. Экинчиден, арак ичишмей, эт жешмей “мелдештери” качан салтта бар эле? Муну ким ойлоп тапкан? Буга удаалаш эле кол жуудурмай, түштɵндүрүү ɵңдүүлɵр кайдан пайда боло калды жана дагы тиги тири шумдук “каадалар” жаралбасына ким кепилдик бере алат? Кудага баруу, куда тосуу деген ыйык каада-салтыбыздын аты эле калып, заты былгып, булганып жүрүп отуруп, акыры той ɵзүнүн тойлук, тазартуучулук касиетинен ажырап, соройгон сокубузга минип, сок билегибизди камчыланып алып, ажыдаарларга сорулуп кете беребизби? 

Дагы бир үрɵй учурган нерсе – бүгүнкү күндɵ ɵлүк шааниси да жоголуп бараткансыйт. Биз бул шаанини жоготуп алсак, кыргыздыгыбыздан эмне каларын элестеткенден да коркосуң!


(Уландысы кийинки санда) 

28.03.24, саат 19:07 – 05.06.24, саат 10:50 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер