Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМКнын мурдагы жетекчилери “Чоң казатты” түзүшүп, аягы балээ жаратышканда

УКМКнын мурдагы жетекчилери “Чоң казатты” түзүшүп, аягы балээ жаратышканда

08-июнь, 09:00
258 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сокенин бийлигинин тушунда УКМК “Чоң казатты” түзүп, башына “экс-конторский” Максат Мамыткановду коюп, Сыймык Жапыкеев ж.б. кошулушат. Алгач элдин көйгөйүн айтышып, олигархтарга каршы чыгышып, коомчулукту алаксытууга жандалбасташат. Бара-бара кырдаал тескери жагына бурулуп, пандемиядан эл кырылып, бийликтин кашаңдыгы, шалаакылыгы бетке чиркөө боло баштайт. Мындай шартта Сыймык Жапыкеев тизгинди коё берип, акырындык менен Сокенин короосуна таш ыргытып, популярдуулукка жетишет. Көп өтпөй парламенттик шайлоонун адилетсиздигинен көпчүлүк көтөрүлүп, төңкөрүш ишке ашат. Биз муну менен эмнени айткыбыз келет? Андагы УКМК жетекчилери, орун басарлары “Чоң казат” кыймылын жасалма оппозиция катары түзүшүп, өздөрүнө иштетүүгө ашыгышып, бирок тилектери таш каап, кайра балээге калышып, туруксуздукка жол салышканы ачыктала берген. Мамлекеттүүлүк солкулдап барып токтоду. Сабак ала турган көрүнүш бекен? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер