Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мыктыбек Тилек уулу: “Жоопкерчиликсиз башкарууну көрдүк, эми жоопкерчилик керек”

Мыктыбек Тилек уулу: “Жоопкерчиликсиз башкарууну көрдүк, эми жоопкерчилик керек”

13-март, 12:16
954 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Башмыйзам тууралуу катуу талкуулар жүрүүдө. Жаштардын өкүлү катары кандай пикириң бар?

-- 10-январда эл референдумда тандоо жасап, президенттик башкарууну тандады. Себеби, башаламандык башкаруудан улам, ушундай акыбалга келип   калдык. Азыр жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча талкуу жаралууда. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул Башмыйзамды колдойбуз, жоопкерчилик деген болуш керек. Жоопкерчиликсиз башкаруу болгонун көрдүк, парламент аткаруу бийлигинен орундарды бөлүштүрүп, соодалашып жүргөнү анык болуп калды. Ыйгарым укуктар менен биргеликте президентте жоопкерчилик да болот. Менин оюмча, жаштар эле эмес, бүт кыргыз элибиз колдойт.

Ал эми каршы чыгып жаткандар “президенттин хан болуп кетүүсүнө жол бербейли” деп жатышат. Кайталап айта кетейин, президентке ыйгарым укуктарынан сырткары жоопкерчилиги да каралып жатат – бул биринчиси. Экинчиден, тарыхыбызды карасак, кыргыз эли андай узурпацияга барган президенттерге кандай ыкма колдонушканы белгилүү. Азыр заман өзгөрүп, элдин ой жүгүртүүсү мурункудан башка. Президент ошонун баарын эске алып, өлкөбүздү өнүгүү жолуна салат деген ойдомун. Анан албетте, убакыт берилиш керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер