Кадамжайдагы өнүгүү жана чечилбеген көйгөйлөр...


Иш сапары менен четки Баткен облусунун Кадамжай районундагы райборбордон 70 чакырым алыстыктагы, климаттык шарты катаал Миң-Чынар айылында болуп келдим. Илгери жалпы республикабыз боюнча чакырыктарга шыктанышкан жаштар дың жерлерди өздөштүрүшүп, “Бүргөндү” совхозун уюштурушкан эле. Совет өкмөтү менен коммунисттик партия чоң камкордуктарды көрүшкөн. Жарым чөлдүү сызгырган ысыгы бар кутман адырларга алгачкы чыйырдын салынганынан жердин кыртышы бузулуп, айтылуу Сох дарыясынын суусу каналга бурулуп, абат боло баштаганынан бери туура жарым кылым убакыт өттү. Илгери негизинен пахта, жүзүм, анар, өрүк, терек жана беде эгилип, 8 миң гектардай дыңдар бузулуп, көптөгөн кыштактар пайда болуп, үйлөргө жаратылыш газы киргизилип келсе, эми кошуна райондордон келишкен калк арбып отуруп, мындагы бак-дарактын көптүгүнөн улам жакшы жагына өзгөрүп калганын байкадым. Союз учурунда мында дүйшөмбү күнү башталган Кокондун шамалы апта ичи токтобой, тыт, терек, чынарлар бир тарапты карай кыйшайып өскөнү дале жадымда туру. Асан март Сатыбаев аксакал баштаган азаматтар аптаптуу адырларга миңдеген көчөттөрдү тигип, гүлзарга, жашыл оазиске айландырышты. Жалпысынан Өзбекстан менен чектешкен бул өрөөндө 30 миң гектарга жакын айыл чарбасына жарактуу жер, жаратылыш газы, мунай, акиташ, коргошун баштаган кен байлыктары бар.
Эми Кадамжайдан Баткенди карай тасмадай созулган жаңы асфальт жолдо сапар тартсаңыз, көргөн көзүңүзгө ишенбей да кетесиз. Көптөгөн айылдар пайда болуп, ондогон маанилүү социалдык объектилер курулуптур. Жеке менчик үйлөр да чыгыш архитектурасынын үлгүсүндө жарашыктуу салынган. Соода борборунда базар кызыйт. Чет мамлекеттерден бери келген кардарлар арбын. Анткени мындагы калк негизинен Баткендин брендине айланган Чоң-Каранын даңктуу дөөзире күрүчүн өстүрүшөт. Ал жалпысынан 3000 гектардан ашык аянтты ээлейт. Калктын басымдуу бөлүгү базардын талабына жараша көп түшүм берген жайдари күрүчтү асыроого өтүп алышыптыр. Ал эми баягы дөөзире Сох дарыясынын жээгиндеги шалыпаяларда гана калган көрүнөт. Андан даш казанга басылган палоону бир жеген киши кайра сурамайынча тура албайт-ов! Чоң-Каранын дөөзиреси коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстанда абдан жогору бааланат. Заманга жараша кишинин оюна келбеген техникалар менен шаймандар чыгарылып, эми шалыпаяларда кол эмгеги дээрлик колдонулбай калыптыр. Дары-дармек өзү эле шалыны отоо чөптөр менен күрмөктөн арылтып, оргондо комбайн колдонулат экен. Бир жагынан жумуш бат бүтсө, экинчиден, дарынын зыяны кардарларга залакасын тийгизип жатканын замандаштарым жашырышкан жок. Үлүш жерлер агрардык реформанын учурунда абдан көп берилгендиктен, бул өрөөндөн Россияны карай тентип, агылып жумуш издеп кеткен жаштар дээрлик жокко эсе.
Мени кесипкөй журналист катары мындагы балдардын, келечек ээлеринин абалы кызыктырды. Миң-Чынар айылындагы калктын саны алты миңден ашып кетиптир. Мындан жырым кылым мурда тигилген чынарлар көйкөлүп өсүп, кыштакты ажарына чыгарып туру. Көчөлөр кенен. Айыл башчы менен кыдырып, быйыл биринчи жолу көчөлөргө асфальт төшөлүп жатканын байкадым. Өзбекстандагы көчөлөрдөн кем калышпай калыптыр. Мунун өзү азыркы бийликтин жетишкендиктери го. Ал эми бул четки айылдагы аялдамалар мыкты жасалгаланып, эс алчу жайлары укмуш экен. Аны жалпы өлкөбүз боюнча жайылтса болот. Каражат айыл өкмөттүн, карапайым элдин, азамат сүрөөнчүлөрдүн эсебинен табылыптыр.
Аста аралап жүрүп, “Балапан” балдар бакчасына, жаңыча айтканда, мектепке чейинки билим берүү мекемесине бардык. Мурда мугалим болуп иштеген жетекчи Алтынай Пазылова бакчанын абалын четинен көрсөтүп, тааныштырды. Бул имарат 1997-жылы Бүргөндүнүн даңктуу уулу, айыл өкмөтүн көп жылдар бою калыс башкарып, ондогон имараттарды курдурган, мекенчил инсан Алчынбай Төралиевдин ысымын алган. Каражаттын баарын ошол замандашыбыз көтөрүп, Ата журт үчүн үлкөн эмгек сиңирди. Элдик ашар ыкмасында мектептин курулушуна айылдын кары-жашы дебей астейдил катышканы тарыхта жазылып калды. Эми анын каршысында үч кабаттуу заңгыраган имарат салынып, бул жер бакчага айланыптыр. 2012-жылы ЮНИСЕФ тарабынан колдоо көрсөтүлүп, алты тайпага 175 бала жыйналган экен. 8 тарбиячы Бүргөндүнүн келечек ээлерин жан-дилдери менен астейдил тарбиялап жатышканын көрүп, кубанычка баттым.
Айыл аймагынын борборунда бакча болбогондуктан, наристелердин 40 пайызы ошол жактан катташат тура. Дагы 120 баланын ата-энеси кезек күтүп турушат. Ата-энелер айына болгону 55 сомдон гана төлөшөт. Мекемени Кадамжай райондук элге билим берүү бөлүмү каржылайт экен. Эл аралык уюмдардын жардамы да зор экенин белгилешти. Алтынай Мамыровна айрым көйгөйлөрдү да жашырган жок. Бакчада музыкалык зал, балдар ойноочу аянтча таптакыр жок экен. Таза суу көйгөйү имарат курулгандан бери чечилбей жатыптыр. Булганыч сууларды пайдалануудан улам, бөбөктөрдүн арасында ар кандай оорулар пайда болуп калат. “Кыштактагы климат да балдарга терс таасирин тийгизет” дейт мекеме башчысы. “Бизде кышкысын кар дээрлик жаабайт. Ыркырап шамал согуп турат. Өсүмдүккө чегиртке, эгинге шире түшүп кетүүдө. Шалы кол менен отолбостон, дарыны күргүштөп чачышат. Андан адамдардын ден соолугуна абдан зыян келүүдө.
Райондук билим берүү бөлүмүнөн калкынын саны 210 миңден ашкан Кадамжайда жеке менчиктерди кошкондо 50 балдар бакчасы бар экенин билдиришти. Аларга мектепке чейинки жаштагы балдардын 39,1 пайызы барат. Бул абдан төмөн көрсөткүч. Эми Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен эски 11 объекти реконструкцияланып, дагы 803 баланы алганга кызуу аракеттер көрүлүп жатыптыр. Албетте, бул дурус. Бирок райондогу мектепке чейин балдардын 60 пайыздан ашыгынын камтылбай жатышы тийиштүү жетекчилерди, колунда бар замандаштарыбызды кайдыгер калтырбашы керек эле.
Мекеменин каршысындагы заңгыраган имаратта мекенчил педагог Канзат Шакирова директор экен. Мындагы окуучулардын атайын тигилген формасы, окуу куралдары, компьютердик жабдыктар менен камсыздалышы жакшы деңгээлде. Жаңы курулган заманбап имаратта уул-кыздарыбыз жакшынакай билим-тарбия алышар деген үмүттөбүз. Баардык сабактар боюнча мугалимдер жетиштүү экенин билдиришти. Райондук билим берүү бөлүнүн башчысы Жеңишбек Орозбаевден мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформанын пайдасын сурадым. Ал мектептерде кадр тандоодо, программаларды жаңылоодо, балдарга шарт түзүүдө, агай-эжейлердин эмгек акыларын жогорулатууда алга илгерилөөлөр болуп жатканын баса белгиледи. Ал эми 12 жылдык билим берүү эл аралык стандартка туура келерин далилдей кетти. Анткени Европанын университеттеринде 12 жылдык билим алмайынча окууга кабыл алышпайт тура. Албетте, четки аймактарда да реформалар ырааттуулук менен жүргүзүлүп жатыптыр. Топтолгон проблемалар акырындап чечилер деген үмүттөбүз.
"Азия Ньюс" гезити











