Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм жылаңачтап видеого тартып алып, “интернетке чыгарам” деп коркутат

Күйөөм жылаңачтап видеого тартып алып, “интернетке чыгарам” деп коркутат

30-ноябрь, 19:04
2 676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашым 39да. Бул менин экинчи турмушум. Жашаганыма беш жылдай болуп калды. Ушул жылдар арасында күйөөмдөн ушунчалык запкы жедим. Болор-болбос нерседен уруш чыгарып, айкырып-кыйкырып, колунда эмне турса ошо менен мени урат. Чыны, сковородка тамагы менен кошо ыргытат. Бир жолу тамак жеп жаткануруша кетип, мени сковородка менен урду эле, чачымдын баары картошка, май болуп жатып калды. Ызама буулуп ыйлагандан башка амалым да жок кала бердим. Мындай нерселер абдан эле көп болду. Дагы бир урушканда тепкилеп салды, чырылдап ыйлап отурсам, үстүмө бир чака сууну куюп жиберди. Кыштын күнү. Эмне колуна тийсе ошо менен уруп, эмчектеги кызымды тартып алып, суукта эшикке чыгырып таштачу. Көчөдө ары-бери басып, тоңгондо айла жок үйгө келсем, “эмне тамеки жыттанып, ким менен жатып келдиң?” деп тепкилеп, кызымды “эмизбе, сен арамсың” дечү. Кышында көмүр салган чаканы көмүрү менен үстүмө төгүп салган күндөрү болду. Кетип да калдым, ага да болбой, шантаж кылып, “интернетке антип чыгарам, тууган уругуңа минтип айтам” деп коркутуп, ушу күнгө чейин жашап жүрөм. Жылаңач кылып, видеого да тартып алган... Күчүм калбай, жашоодон көңүлүм калды. Учурда жашоом туңгуюкка кептелип, араң жүрөм...


Жаңыл 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер