Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бүгүн апам мени өлтүрдү, караңгылыкка сиңип жок болуп баратам...”

“Бүгүн апам мени өлтүрдү, караңгылыкка сиңип жок болуп баратам...”

28-февраль, 13:27
1 332 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Аборт жасоочу бөлмөнүн босогосунда тизилген келин-кыздар. Буга дарыгерлер да көнүп калган. Биринин артынан бирин чакырат. Азыр канча бир саатта ондогон түйүлдүктөр жарык дүйнө менен кош айтышат.

Төмөндөгү жарык дүйнөгө келбей калган түйүлдүктүн үнүн уксак, балким кай бир ата-энелерге сабак болоор.

Бүгүн мен апамдын курсагында жаңыдан жаралдым. Менин жаңы жашоом башталды. Бул тууралуу атам менен апам эч нерсе биле элек. Мен ак жүздүү, капкара көздүү сүйкүмдүү кыз болуп жаралам.

5-октябрь

Түйүлдүктү дем алган, баарын туюп, сезип жаткан жан катары эсептешпейт. Түйүлдүктүн апасына гана көңүл бурушат. Бирок анын курсагында мен бармын. Апам тирүү кезинде мен да тирүүмүн.

19-октябрь

Менин жүзүм, ооздорум жарала баштады. Бир жылдан соң ошол жүзүм кыткылыктап күлө баштайт. Ооздорум сүйлөй баштайт. Мен билем. Менин жарык дүйнөдөгү биринчи сөзүм апа деген сөз болот.

23-октябрь

Бүгүнтөн баштап жүрөгүм сого баштады. Ал жүрөк эми узак сого берет. Качандыр бир мен өлгөнчө сого берет. Мен өлгөндө гана соккон жүрөгүм токтоп калат.

25-октябрь

Ар бир күнү кичинеден чоңойуп келем. Менин колдорум буттарым жарала баштады. Качандыр бир ушул колдорум менен апамды, атамды кучактап эркелейм. Бирок, бул күндөрдү али көпкө күтүшүм керек.

12-ноябрь

Доктор бүгүн менин апама менин бар экенимди айтты. Апам бул жаңылыкка кубанды болду бекен? Албетте, кубангандыр. Апам менен атам катуу ойлонуп жатышат. Мага кандай ысым ыйгарууну ойлонуп жатышса керек.

10-декабрь

Менин чачтарым өсө баштады. Ал жумшак жана жагымдуу. Апамдын чачтары кандай болду экен? Ушунчалык көргүм келет. Менин жүрөгүм күчтүү. Апа сенин ден-соолугу чың, оорукчан эмес кызды жарык дүйнөгө алып келесиң.

24-декабрь

Бүгүн апам мени өлтүрүүдө. Түбөлүктүү жымжырттыкка, караңгылыкка

сиңип жок болуп баратам. Мен апамды мындай кыларын күткөн эмес элем...

Айзирек А. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер