Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбек Куленбеков: “Суу маселеси боюнча жакынкы жылдарда коркунучтуу көйгөй жаралбайт”

Жээнбек Куленбеков: “Суу маселеси боюнча жакынкы жылдарда коркунучтуу көйгөй жаралбайт”

04-май, 20:51
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы ондогон жылдарда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 27 пайызга кыскарды. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айыл чарбасын жана региондорду өнүктүрүү боюнча концепциясында айтылат. Анда мөңгү 70 жылдан соң таптакыр калбай калышы мүмкүн экени белгиленген.

“70 жылдан кийин өлкөдө мөңгү такыр калбай, биздин кийинки муун суу тартыштыгы көйгөйүнө кабылышы мүмкүн. Бул оптимисттик көз караш менен алгандагы божомол. Экинчи жагынан караганда, антропогендик факторлордун көбөйүшү, түтүн жана температуранын жогорулап кетиши эске алынат. Бул мөңгүлөрдүн эришин тездетет, ал эми алардын аянтынын азайышы жылуулуктун тездешин шарттайт, мындай учурда апаатка 50 жылдан кийин кабылышыбыз мүмкүн” деп белгиленет маалыматта.

Биз бул суу апаатын алдын алуу, кийинки жылдардагы абал тууралуу табигый илимдердин доктору Жээнбек Куленбековго кайрылдык.

-- “Кийинки муун суу көйгөйүнөн кыйналат, суу тартыштыгы жарала баштайт” деген кооптуу ой жоруулар көбүрөөк айтыла баштады. Адис катары сиз кандай кеңеш бересиз?

-- “Суу маселеси боюнча жакынкы жылдарда коркунучтуу көйгөй жаралат” деген көз караш, менин оюмча, чындыктан алысыраак. Себеби, мөңгүлөр тез аралыкта эле эрип, жок болуп кетпейт, бирок алардын аянты 5-10 пайызга азайышы мүмкүн. Буга климаттын өзгөрүшү чоң себепкер. Дагы бир себеби, дарыялардын көлөмү боюнча көп жылдык изилдөөлөргө таянсак, ар бир 4 жылда дарыядагы суунун көлөмү азайып, бирок андан башка жылдары кайра кадимки эле өзүнүн көлөмүнө жакын ченемде келип турат.

Дарыядагы суунун азайышынын дагы бир кошумча себеби, бул антропогендик таасири, б.а. айыл чарбадагы ирригация жана мелиорацияга колдонулган суунун көлөмү көбөйүүдө. Себеби жалпы элдин саны, жер иштеткен фермелердин саны көбөйүүдө. Ал эми эл ичүүчү суулар көпчүлүк учурда жер алдындагы суулардын көлөмүнөн көз каранды. Себеби, жер алдындагы суунун запасы жаап жаткан жаанга, карга жана жер үстүндөгү суулардын көлөмүнөн көз каранды болот. Ошол эле учурда суунун булгануусу жана элдин санынын көбөйүшү дагы бул көйгөйгө чоң таасирин тийгизет десек да жаңылбайбыз. Бул көйгөйдү чечүү үчүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу керек. Сууну булгануудан коргоо чаралары, жаңы үнөмдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу, мисалы, тамчылатып сугаруу жолу менен маселени чечсек болот. Ошондой эле суу ресурстарын туура мыйзамдар менен жана эффективдүү башкаруу жолдору аркылуу жетишсе болот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер