Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Түгөнгөн сайын түтөгөн...” Бекназаров эрдигин көрсөтүүдө

“Түгөнгөн сайын түтөгөн...” Бекназаров эрдигин көрсөтүүдө

29-май, 18:36
1 427 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. “Түгөнгөн сайын түтөгөн, кырылган сайын кычаган кыргыз” деген алгы кеп бар. Бул жоокерчилик замандагы баатырлардын кашкөйлүгү, артка кайтпастыгы, өжөрлүгү катары сыпатталган эмеспи. Ал эми азыркы кезде байыркы ата-бабалардын мүнөзүнө таандык эрдиктер жокко эсе. 

Аныгында, саясатка кайрылып келсек, айрым кашкөйлөрдү байкай алабыз. Маселен, Азимбек Бекназаров бизге жагабы-жакпайбы, ар кандай адамдык фактордон алганда, айрым кемчиликтери бар. Бирок “түгөнгөн сайын түтөгөн...” күрөшчүлдүгү, башты канжыгага байлап койгондой образы, түрмөдө оор шартта жатса да айтканынан кайтпай, тарых үчүн из калтырууда. Азимбек Бекназаров маалы менен абактан кат жазып, Фейсбуктагы баракчасына илдирүүдө. Учкай токтолсок, ал Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо системасына ачуу сын-пикирлерин узатып, өз чындыгын кыраатына келтирип, каршылык көрсөтүүнүн жогорку үлгүсүн жасап жатат. Кашык каны калгыча салгылашууга, ала жатууга коңгуроо кагып атканы жөн жерден эмеспи? Мындай адамды саясый негизде үй камагына чыгарып койсо болот. “Эми эркиндиктен күрөшүп көрчү?” деген айкөлдүк жасалса, ыңгайсыз абалда калса керек. Кыргыз баатырлары табиятынан алабарман келерин билебиз. Андыктан, карт тарыхтан алсак дагы, эл башчылары журт чапкан алакөөдөн эрлерин анчалык кордогон эмес. Кечире билүү бийиктик сапат да. Баатырды зынданга салуу – акыры келип башка мүшкүл салбайбы?.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер