Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаевдин сынына Абылгазиев каяша айттырды. Сыры неде?

Текебаевдин сынына Абылгазиев каяша айттырды. Сыры неде?

25-февраль, 11:36
1 237 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ата Мекен” партиясынын Бишкекте өткөн конференциясында Өмүрбек Текебаев өкмөттү сындаган: “Экономикалык өсүш басаңдап, түз инвестиция өлкөгө келбей калды. “Бечел, шалтурукка” айланды. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Кадыр-барк жок, эл кыйкырса артка кетенчиктейт. Ири долбоорлор ишке ашпай калды. Өкмөт жетеленме...” деп.

Көп өтпөй Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат катчысы аркылуу Текебаевге кайра сын пикир айттырып, кыялын көрсөттү. 2013-жылы башкаруучу коалицияны куроодо Текебаев да бар экени, ал өкмөт Кызыл-Омполдогу уранды чалгындоого уруксат бергенин билдирди. Ошого катар “Түкүрүк мыйзамын” анын кесиптештери коомдук талкууга чыгарбай жасаганын эскертти. Кыскасы, башкы “атамекенчинин” айткандарын шайлоо астындагы популизмге салыштырып, каяшаны келтиргенге духун көрсөтүп отурат. Аныгында, конкреттүү фактыларды келтирүүгө дарамети жок экенине ынандык.

Аны менен эле токтоп калбай, сайттардан жана соцтармактардан Текебаевге чабуул жасалууда. Сыягы, Абылгазиев “жатып өлгөнчө атып өл” деген позицияны карманып, “өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө күлгөндөй” болду. Премьер-министр мындай аракети менен таянар тоосу бар экенин кыйытып, коомдук чырды кайра козгоого далалат жасады. Иштей албай атса да элдин көңүлүн козгоп, жийиркеничтүү көрүнүштү жасап отурат...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер