Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит, маданияттан кетип кал! Ырдоо, бийлөө шариятка туура келбейт!

Нуржигит, маданияттан кетип кал! Ырдоо, бийлөө шариятка туура келбейт!

16-октябрь, 01:23
2 645 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир нерсенин өз орду болот. 

Кыргызда, "чымчык сойсо да касапча сойсун" дейт. Эгер кыргыз маданиятын өнүктүрөлү десек, анда өз ээсине бериш керек, жолду. 

Нуржигит, сага кайрылайын, эгер сенин бетиң болсо, ушундайыңда тапшырып кой, Курмангазы Азыкбаев же Жылдыз Орозбекова, Мелис Мураталиев деген мыкты маданияттын кишилери ушулар болот. Деле ыйманды көп сүйлөйсүң, кана сенде улуу кишилерди сыйлоо? Же эмне, сен үйүңдө ата-энеңди улагага таштап, төргө отурасыңбы!?

"Маданият" деген ушундай болот, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо.

Мен сага дагы бир жолу айтайын, сенин ордуң эмес, маданият. Сен үчүн Кыргыз салты ширк болот, өзүң жакшы билесиң, ырдоо, бийлөө, музыка угуу, шариятка туура келбешин. Эмне эле бийликке жанталашасың? Эмне кыргызды арабдарга кул кылып, колу-бутун таңып берген жатасыңбы?!

Сен “актанам” деп ойлобо! 2017-жылы КТРКда Кыргыздын ар намысы болгон Манасты сөккөндөрдөн коргой албай качып кеткенсиң, ошол жерде мен да бар болчум. Ошондо бир сөз айталбай коюп, кантип маданиятта жүрөсүң уялбай!

Сен эми жакшылыкча кетип эле кал! Болбосо бул чоң чатакка айланат, андан көрө тынч эле дааватынды айтып жүрөбө бер!” деп Алманбет Таап теги Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер