Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жүрөгүндө күн жашайт” же жаңы жылда жаңы китеп

“Жүрөгүндө күн жашайт” же жаңы жылда жаңы китеп

03-январь, 09:30
909 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Колума сыясы али кургай элек Муңдузбек Тентимишевдин “Жүрөгүндө күн жашайт” аттуу китеби тийди. Чынын айтайын, окуганга үлгүрбөдүм, барактадым, темаларына көз жүгүрттүм, арасында сүйлөп ийчүдөй тарыхий сүрөттөр жүрөт. Толугу менен Абдиламит Матисаков жөнүндө эркин баян экен. Баса, темаларынан бир аз тизмектеп кетейин: “Оо анда мөлтүр, учкул жаштан элек”, “5-жатаканага дүң болгон “ошол майрам эсиңиздеби?”, “Белинский №101”, “Ленинчи жаштын” уясынан чоң чыгармачылык мейкинине”, “Кыргыз ТВ чоң дүйнөсү: “Заманадан” – “Манастын” 1000 жылдыгына”, “Кыргыз Туусунда” түптөлгөн “Матисаковдун мектеби” – мезгилге санжыра, өнөр, талантка кең майдан” ж.б. 

Публицистикалык маанайда жазылган бул китеп – калемгердин калемгер жөнүндө сыр ачуусу. Журналист окуусунда бирге окуп, журналисттик кесипти бирге баштап жана жээгин жеп аккан дайрадай чоң турмуш агымында сөз өнөрүн эрк сынаган сыноолорунан бирге өткөн курдашы – чыгаан журналист жана таанымал жазуучу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык ТҮРКСОЙ жана “Руханият” сыйлыктын лауреаты, “Даңк” медалынын ээси, эки жылга чукул улуттук телерадиокорпорациясынын президенти, он жылдан ашуун “Кыргыз Туусунун” редактору болуп эмгектенген, азыр Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин ардактуу профессору Абдиламит Матисаковдун инсандык ааламы жөнүндө окурманга жүрөктөн эркин айтылган жөнөкөй баян. Жазмыш шарттаган учкул өмүрдүн дээрлик жарым кылымдык тилкесин камтыган этюддар жана очерктер түрмөгү окуган адамды дайым жаш калемгерлик дүйнөнүн бүтпөс кызыктары менен кыял ой чабыттарына ар түркүн өңүттө аралаштырат.        


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер