Министр Абдикаримовдун башына доо кетип, айнып калганбы?

Саламаттык сактоо министрлигине талапкер катары Сабиржан Абдикаримов көрсөтүлгөндө эле биз коңгуроо кагып, бул эргулдун беш жыл мурда аварияга кабылганын, ден соолугу жайында эмес экенинен шек санап жазбадык беле? Болбой эле жердешчиликке салышып, коюп коюштубу? Эми азабын тартып атышабы?..
Алгач эле Абдикаримов “беш күндө вирус азаят” деп кескин билдирүү тараткан. Тескерисинче жайылып кетти го! “33-апрелге чейин…” деп оозанды. Бул эмне башка дүйнөдөн келгенби? Карантин кайсы убакка чейин барат? Белгисиз. “Умрадан келгендер текшерилбей калган, ошондон ооругандар көбөйүп атат” деген мааниде сүйлөп чыкты. Мурдагы министр баары көзөмөлгө алынганын айткан. Жалал-Абаддагы инфекциялык оорукана жабылганын Абдикаримов “балп” эткизип, кайра кагуу жеди. Дагы туура эмес сүйлөптүр. Айтор, эл башына кыйын күн түшкөндө, тандап койгон министри тескери сийип, тантырап жатат. Көпчүлүк кыжырданууда...
Натыйжада, иралды Сабиржан Абдикаримовдун мээсин текшертип көрбөйлүбү? Балким, Акүй чын эле айнып калган адамды коюп алып, коомчулукту мазактоого өттүбү? Же кандай? Чыдоонун да чеги бар го...
Aryba.kg