Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Арзибаев: “Ошто элге керектүү долбоорлор аягына чыкпай келет”

Бекболот Арзибаев: “Ошто элге керектүү долбоорлор аягына чыкпай келет”

12-август, 19:30
395 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ош шаардык мэриясы таза суу маселесин чечүүгө 250 миллион сомдук тендер жарыялады. Буга чейин ушул багытта эки долбоор ишке ашырылып, бирок, маселе чечилген эмес. Кандай дейсиз, бул жолку аракет оңунан чыгабы? 

-Ооба, кечээ окудум, карызга алынып жаткан акча болсо керек. Мен билгенден, буга чейин тендер аркылуу аткарылып, ишке ашкан объектилер: мектеп, бала бакчалар, башка курулуштардын баары сапатсыз бүткөн. Аты эле бар, бирок, сапаты жок болуп калган да. Бул жолку долбоордун сапаты кандай болот, акча максаттуу пайдаланылабы, же мурункудай эле болуп асманга сапырылып кетеби? Азырынча белгисиз. “Катуу көзөмөлгө алып, карайбыз” деп айтып, жазып жатышат.     Мурункулар деле “сапатына көңүл бурабыз, жакшы болот” деп айтышып, бирок, аягында келгенде сапатсыз болуп калган. Мисалы, газдаштырууга 10 миллион сом коротулуп, аягына чыккан эмес. Кредиттин эсебинен алынган автобустар он жылдык кепилдиги болгонуна карабастан, эки-үч жылдын ичинде эле жарактан чыгып, бир тобу ремонтто жатат. Ак-Буура дарыясын реконструкциялоо боюнча долбоор да ойдогудай болгон жок. Мындай мисалдар толтура. Эми деле ошондой болуп калабы? Ушундай коркунуч бар.

-- Катуу көзмөлгө алынбаса болбойт го. Себеби, буга чейин деле жергиликтүү бюджеттен 22 миллион сом, Азия өнүктүрүү банкынан 1,5 миллион доллар бөлүнгөн экен. Булар оңой акча эмес да...

-- Ооба, катуу көзөмөлгө алыш керек. Мен өзүм 4-5 факты боюнча маселе көтөрүп, далилдери менен күч органдарына кайрылып жатам. Биздин көтөргөн маселебиз, айткан сөзүбүз баары орундуу болууга тийиш. Жөн эле куру кыйкырык болбошу керек. Бизде сессия болот, ошондо көп маселелер боюнча өлкө жетекчисине да кайрылат окшойм... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер