Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биздин дарыгерлер даярбы? Кавасаки дартынын кооптуулугу...

Биздин дарыгерлер даярбы? Кавасаки дартынын кооптуулугу...

05-сентябрь, 22:57
1 576 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда балдар арасында пневмония илдети көбөйгөн жок. Бирок, коронавирустун божомолдонуп жаткан экинчи толкунуна карата бөбөктөр үчүн эки миңден ашык керебет дайындалган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Бермет Самаганова Sputnik-Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирген.

Буга чейин коңшу Казакстандын Алматы шаарында балдар арасында пневмония болгондор көбөйүп, 800дөй бала ооруканага жаткырылганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан. Шаардын санитардык башкы дарыгери Жандарбек Бекшин курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция дагы кеңири жайылып, былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 26 пайызга көп экенин айткан. Дарыгердин пикиринде, бул нерсе балдардын саламаттыгына бир топ коркунуч жаратышы мүмкүн.

Мындан улам редакция саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, пневмония илдетинин жайылышы тууралуу кабар алды. Ошондой эле өпкөнү жабыркаткан бул илдет балдар арасында жайыла турган болсо, кайсы протокол менен дарыланарына кызыккан.


Пневмония боюнча абал кандай?

Бермет Самаганованын айтымында, ушул тапта абал туруктуу, атургай балдар арасында пневмония илдети былтыркы жылга салыштырмалуу азайды.

"Алты ай ичинде бөбөктөр жана өспүрүмдөр арасында элдин жүрөк үшүн алган илдет 31 пайызга азайды. Бирок, биз күздө божомолдонуп жаткан вирустун экинчи толкунуна карата республиканын ар кайсы аймактарындагы ооруканалардын балдар бөлүмүнө жалпысынан эки миңден ашуу керебет даярдап, дары-дармек менен камсыздадык" деди Самаганова.


Балдар кайсы протокол менен дарыланат?

Дарыгер балдарды дарылоонун бекитилген эрежелери даяр экенин белгиледи. "Төртүнчү клиникалык протоколдо коронавирус жана пневмонияга кабылган балдарды дарылоо боюнча атайын бөлүк бар. Анда илдетти аныктоо, дарылоо, балдар менен иштөө эрежелери толук камтылган. Бул боюнча медиктер окуудан өтүп жатат" деди башкы педиатр.


Кавасаки синдромунун тарыхынан кабардарсыңбы?

Кавасаки синдромунун тарыхына үңүлсөк, бул оору биринчи жолу англис тилиндеги медициналык адабияттарда 1967-жылы Томисаку Кавасаки аттуу жапон педиатры тарабынан сүрөттөлгөн (оору анын ысымын алган), ал ысытма, тери исиркектери, көздүн кызаруусу, тамактын жана ооздун кызаруусу, колу-буту шишип, мойнундагы лимфа бездери шишип кеткен балдардын тобун аныктады.  

Кавасаки оорусу – бул курч системалуу васкулит, демек, кан тамырлардын  сезгениши экени аныкталган. 

Акыркы кезде коронавирустун күчөп кеткен абалы катары пневмония менен чогуу кавасаки синдрому айтыла баштады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев оорунун белгилери, кооптуулугу тууралуу кенен айтып берген. Бактыга жараша, учурда бул илдет Кыргызстанда бир дагы балада аныктала элек.

Баса, ошол эле Казакстан кавасаки синдромун кошуп, COVID жуктурган балдарга дарылоо боюнча өзүнчө протокол даярдады. Ошондой эле протокол Кыргызстанда дагы түзүлүп жатканын дарыгер Узакбаев билдирди. Документ жакында саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылат.

Эске салсак, окумуштуулар коронавирустун экинчи толкунун божомолдоп, ушу тапта дүйнөнүн бир топ мамлекети ага даярдык көрүп жаткан кез.


Аталган дарттын биринчи белгилери эмнеден байкалат?

"Бул илдет адамдын терисинен байкалат. Кичинекей баланын таманы, алаканы шишип, кан тамырлары жарылып, денеде кызыл тактар пайда болот. Дене табы көтөрүлөт. Бирок, ооруну так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Азыркы тапта биздин жумушчу топ бул ооруну кантип аныктап, кандай изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин жана аны дарылоо жолдорунун клиникалык протоколун иштеп чыкты. Жакында ал саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылат" деди дарыгер.


 "Азия Ньюс" гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер