Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Наиля Осмонова: “Апам саясый буйруктун негизинде кармалып отурат”

Наиля Осмонова: “Апам саясый буйруктун негизинде кармалып отурат”

04-январь, 19:30
5 391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын кызы Наиля Осмонованын сөзүн угуп көрдүк.

-- Наиля карындашым, апаңыздын бүгүнкү күндө акыбалы кандай?

-- Апамдын абалы азырынча канааттандырарлык. Бирок, кан басымы бат-бат түшүп, башы айланып атат. Өзү алсыз. Күчү жок. Анткен менен акыбалын бизге апам толук айтпай атат. Тынчсызданып атканыбызбы билип, кабатыр болушпасын деген таризде “баары жакшы, бул оор күндөр да өтөт” деп коюп атат. 

-- Клара айымга тагылган айып канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

-- Тагылган айып таптакыр туура эмес. Эки айдан бери эч далил жок. Муну жасалма иш, саясый буйрук катары айтсак болот. Бийликти сындагандарды коркутуу үчүн арналган аракет, иш-чара катары сыпаттап атабыз. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер