Күйөөм телефондон башын көтөрбөйт, мени “канчык” дейт

Мен 26 жаштамын, жолдошум 28 жашта. Баш кошконубузга үч жыл болду. Кудайга шүгүр, бир кызыбыз бар, февралда экинчимди төрөдүм эле, чарчап калды... Биринчи үйлөнгөн жылдары күйөөм аябай жакшы мамиле жасачу. Ушул кыштан бери абдан өзгөрүп кетти. Кызым экөөбүзгө көңүл бурбайт, “үйдөгү оор жумуштарды кылышып койчу” десем, “жумуштан чарчап келдим” дейт. 9.30дарда эле жатып алат, кечке телефон кармайт. Түн бир оокумга чейин уктабай эле жатат. Анан жумасына үч жолу “топ ойногонго барам” деп жумуштан ары эле кетет, түнкү 12лерде келет. Бир да сүйлөшүп отура элекпиз. Чай ичип жатып да караганы телефон. Бир күнү уруша кеттик эле, “кебетеңди карачы, канчык!” дейт. Мага аябай катуу тийди. “Жаңы ачылган паркка кызымды ойнотконго барып, көрүп келели” деп жаткан, анан кошунабыз “көрө элексиңерби?” десе, “мен көргөм, баргам, мобуларга көрсөтүп келейин” дейт. Мындай мамилесине жүрөгүм ооруйт. Күйөөлөр, эмнеге өзгөрүп кетесиңер?..
Бегимай