“Республиканын” багын экс-губернатор Узарбек Жылкыбаев ачабы?

Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясын коомчулукка жек көрсөтүп, булгап салганы белгилүү. Өткөн жергиликтүү жана шаардык кеңештерден ийгилик жарата алышпады. Түшүнүктүү да. Бабанов улам саясаттан кетип, кайра келет, төңкөрүш болсо даяр бийликке жулунат, эсиңерден өчпөсө, өткөн жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтынан элден тепки жеген. Айтор, шумурай жүрүшү менен партиясын да жаман көрсөттү. Мындай шартта таза, демилгелүү лидер гана “Республиканы” көтөрүп чыкпаса, Бабановдун булганган аты менен алыска бара алышпайт. Бизге жеткен маалымат боюнча, экс-губернатор, партия мүчөсү Узарбек Жылкыбаевге лидерликке сунуш түшүп атканы жашыруун эмес. Ойлоно турган маселе экен. Узарбек “Республиканы” баткактан сууруп чыгып, эл астында жаркыратып алып кете алабы? Көп каражат талап кылынса керек...
"Азия Ньюс" гезити