Күйөөмдүн башка кыздарга көз артканы күчөп баратат


Турмушка чыкканыма төрт ай болду. Сүйлөшүп жүрүп эле баш кошконбуз. Бирок күйөөм буга чейин бирөө менен жашап, андан баласы бар экен. Үйлөнөрдө мага жалдырап, “мен сенсиз жашай албайм” деп айтчу. Азыр өзгөрдү. “Сени бирөө кармап атабы? Каалaган жагына кете бер” дейт. Мурдагы аялы менен сүйлөшөт окшойт. Кантип алданып тийип калганымды, кайсы тагдыр мени ушуга туш кылганын билбейм... Колу да тийе баштады. Инстаграмдан кыздарга жазганын көрүп калдым. “У тебя такие красивые глаза, у тебя офигенная фигура” деп жаза бериптир. Эмнеге мындай кылып жатканын түшүнбөйм. Коркутуп да, жалдырап да көрдүм, болгон жок. “Каалaганыңды кылчы” дейт.
Азыркы мезгилде ажырашуулар көп. Алардын катарын толуктагым келген эмес. Бирок азыркы эркектер мажирөө, жоопкерчиликсиз, катын чалыш, бир кызыктай болуп баратышат. Ажырашууларга көбүнчө эркектер күнөөлүү окшойт...
Адинай
"Азия Ньюс" гезити











