Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков: “Мен аскерден дедовщинаны көрүп, Ооган согушунда эликтей чуркап жүрдүм”

Акбөкөн Таштанбеков: “Мен аскерден дедовщинаны көрүп, Ооган согушунда эликтей чуркап жүрдүм”

31-май, 20:12
1 950 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, жакында эле социалдык түйүндөргө тарап кеткен эки жоокердин мушташын көрсөңүз керек. Коргоо министрлиги “ал сынак учурунда тартылган видео” деп түшүндүрмө берди. Ооганчы жоокер катары буга көз карашыңыз кандай?

-- Менин түшүнүгүмдө, бул атайын милдет аткаруучу отрядда болгон окуя окшойт. Булар краповый беретти кийиш үчүн аябай кыйын сыноолордон өтүшү керек. Өзүбүз деле көрбөдүкпү, 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы окуялар учурунда спецназчылар аябай катуу таяк жешти. Кокусунан сырттан боевиктер кол салып калсачы? Алар мындан жаман кылышат да. Демек, алар ушундай учурларга даяр болушу керек. Өзүм аскерде кызмат кылган адам катары дедовщинаны көргөм. Бизди мынчалык сабашпаса деле чуркатып, отжимание кылдырып кыйнашчу. Кийин Ооган согушуна барганда эликтей гана жеңил чуркап жүрдүк. Жанагы кыйынчылыктардын пайдасы тийди окшойт.

Албетте, армияда кызмат кылбагандарга, айрыкча ата-энелерге бул көрүнүш аябай жаман көрүнүп жатат. Бирок, чыныгы спецназчы мындай нерселерден өтүшү керек. Анан чабал, эрки анчалык бекем эмес жоокерлер электен өтүп, өзүнөн-өзү иргелип калат. Жанагы видеодо атайын чабал баланы көрсөтүп коюшту. Бир мушка эки муш менен жооп бергендерди көрсөткөндө мынчалык реакция болмок эмес. Күнүгө эле ушундай көрүнүш боло бербейт да. Армиянын баары эле ушундай деген туура эмес. Бир журналист туура эмес жазып койсо, “бүт журналисттер жаман”, бир депутат туура эмес иш кылып койсо, “бүт парламент ушундай” дегенде болбойт. Мен ойлойм, коргоо министрлиги өзү изилдеп көрөт да. Негизи, дедовщинаны жоюш кыйын го. Өтө кыйын... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер