Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Абдылда Мусаев МГУнун жогорку наамына татыды

Ректор Абдылда Мусаев МГУнун жогорку наамына татыды

27-январь, 18:30
789 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өз өлкөсүндө анчейин байкалбай, бирок, илим-билимге кошкон салымы менен баш көтөрбөй эмгек кылган, агартуучулук жагынан астына ат салдырбаган ишмер Абдылда Мусаевдин эл аралык деңгээлдеги ийгилигинен бөлүшүп, учкай кабарлап коюуну чечтик. Мындай жетишкендик жалпы илим тармагына арналган жогорку деңгээлдеги үлгү эмеспи. 

Дүйнөдөгү эң мартабалуу, бай тарыхы бар М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлектеттик университетинин негизделгендигинин 270 жылдыгына арналган окумуштуулар кеңешинин жыйыны Россия илимдер академиясынын президиуму менен биргеликте өткөрүлүп, ректор, Россиянын Баатыры В.А.Садовничый, академиянын президенти Г.Я.Красников, Мамлекеттик Думанын билим берүү жана илим комитетинин башчысы С.В.Кабышев катышкан бул салтанаттуу жыйында   Кыргызстандын К.Карасаев атындагы мамлекеттик университетинин ректору, профессор, филология илимдеринин доктору Абдылда Инаятович Мусаевге  “М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылган. 

Кезинде мындай бийик даражага Индира Ганди сыяктуу атактуу саясый ишмерлер, Нобель сыйлыгынын лауреаты Нильс Бор өңдүү залкар окумуштуулар ээ болушкан. Бул ардактуу наам Кыргызстандан А.Акаев, Ч.Айтматов, А.Бөрүбаев баш болгон үч эле кишиге берилген. К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, Кыргызстандын ЖОЖдор ассоциациясынын төрагасы, Евразия ЖОЖдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары А.Мусаевге билим берүүгө жана илимге кошкон салымы үчүн жогорку наам ыйгарылганы алкоого алынууда. Креативдүү жетекчи, көрүнүктүү илимпоз катары А.Мусаев буга чейин Пекин университетинин, Соке университетинин (Япония), Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин “Ардактуу профессор” наамын алган. Тажрыйбалуу жетекчи, белгилүү илимпоз Абдылда Мусаевди ардактуу наамы менен куттуктап, жаңы ийгиликтерди жарата беришине тилектештегибизди билдиребиз. 


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер