Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мугалимден токмок жеген өспүрүм өз жанын кыйды

Мугалимден токмок жеген өспүрүм өз жанын кыйды

29-октябрь, 17:48
682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мугалимден токмок жеген 15 жаштагы өспүрүм каналга секирип, сууга агып, көз жумду. Бул окуя Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Карши районунда болду.

Каза болгон өспүрүмдүн апасы жана классташтары анын өлүмүнө мектептин директору жана мугалими себепкер экенин айтышууда.

Мектептин мугалими өспүрүм бала телефон көтөрүп барганы үчүн классташтарынын көзүнчө кемсинтип, ур-токмокко алган. Энеси ал күнү пахта тергени кетип, бала-бакчадагы бөбөгүн ала келсин деп уулуна телефонун бергенин айтат. Маркум баланын атасы Россияга иштегени кеткен.

Телефонду мугалимдер көрүп калып, аны кемсинтип, жаман сөздөрдү айтып, өспүрүмдөн телефонду тартып алышкан. Буга чыдабай, ызаланган бала "каналга секирем" деп мектептен качып кеткен. Мугалими дароо энесине телефон чалган, бирок баары чогулуп, каналдын жээгине барганда анын сумкасы гана калган. Бала секирип, сууга агып кеткен экен. Көп өтпөй куткаруучулар анын сөөгүн таап чыгышкан.

Маркум окуучунун классташтарынын бири, ошол күнү аны класс жетекчиси менен директордун орун басары катуу сабаганын айтты. Алар өспүрүмдү жакадан алып, чоң бөлмөгө алып кетишкен. Ал жактан баланын көздөрү жашылданып, сол жаагы кызарып чыкканын айтат окуучулар. 

Жергиликтүү милиция өспүрүмдүн өлүмү боюнча иликтөө иштерин баштап, прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер