Сабыр Муканбетов: “Оппозициянын максаты – бийликтин аброюн кетирип, кулатып, ордуна келүү”


-- Салам Сабыке! Соцтармакта тытышта эле жүрчү элең, жулмалашып, жок болуп кеттиң, жоксуң го, кайдасың, барсыңбы?
-- Жулмалашыппы? Кыйын айттың эй. Фейсбукка азыр бир айда бир чыгам. Чыгарым менен бир коммент жазам, бүттү, кайра бир айга блок кылып салышат, кийинки айга чейин жокмун. “Башка аккаунт ач, башка жактарга чык” дешет, көңүлдөнгөн деле жерим жок. Жаңылык окуп коёсуң, эч кимге катылбайсың, бүттү... Тынч жакшы экен.
-- Эс алуу кандай?
-- Аркы өйүз, берки өйүз, днюха, шерине, той, тиш оору, сел каптоо, пробка... Баарын көрдүк, абдан чарчаганча эс алдык, кайттык, айтор... Тиш доктурда жүрөм, пломба салдырып.
-- Жаңылыктарды угуп атасың да?
-- Угуп, көрүп атам, ичкисин да, тышкысында. Тышта чоң тиреш, ичте да каршылашуу, ызы-чуу, боктошмой, өлүм-житим... Жакшысы да бар, элде бир кездердегидей эч кимге керегиң жок, таалада калгандай сезим жоголо баштагандай. Анткени эл каралбай калган жок, өкмөт тынымсыз иштеп атат, Кумтөрдү алдык, маяналар эселеп көтөрүлүп, көптөгөн долбоорлор башталып атат, күздө пенсиялар көтөрүлөрү айтылды.
-- Оппозиция каран күн түшкөндөй айтып атат го?
-- Эми алардын милдети ошо. Бийликти болушунча дискредитация кылып, аброюн кетирип, кулатып, ордуна келүү. Максат ушундай. Иш болгон жерде кемчилик болот. Сындагысы келгендерге ар дайым себеп табылат. Бирок, “сынчынын сыңар өтүгү майрык” деген кеп бар да. Сын айта турганга моралдык акысы калбагандар деле амбицияларына ээ боло албай, дагы деле бирдеме үмүт кылып, сүрмө топко кошулуп алышкан. Азыркы сынчылардын көбүнүн сыры элге дайын болгондуктан, алардын сөзү коомчулукка жуккан жери жок.
Бирок оппозиция болбосо болбойт. Ал керек. Оппозициянын кебетеси – биздин коомдун жүзү, биз ушундай болгон үчүн оппозициябыз ошондой. Азыркы бийликтегилер деле ошондой эле оппозиция болуп жүрүшпөдү беле? “Жоктон көрө жогору” дегендей, куруп калгыча, ушинтип имитация кылып тургандардын да болгону жакшы.
Оппозицияны “түбүнө жетем, жок кылам” дегендей аракеттерди көрүү, ит-кушту тукуруп аёосуз боктотуп, укук коргоо органдарын колдонуп, куугунтуктоо такыр туура эмес. “Ушулардан кутулсам эле жыргап жашап калам” деген ойго жетеленүү акылсыздык. “Мен эл үчүн башымды сайып атам, бут тоскондордун күлүн көккө сапырам” дегенсип дөөгүрсүгөндү эл жактырбастыгы соцтармактардагы талкууда деле ачык байкалды. “Бетеге кетет бел калат” дегендей, бул турмушта түбөлүктүү эч нерсе жок. Эртең баары алмашат...
“Оппозиция экен” деп тап душмандай мамиле кылып, коомдун ичиндеги ажырымдарды чоң жаракага айлантып, саясый туруктуулукту бузуунун арты жакшылыкка алып барбасын соңку жаңы тарыхыбыз бир нече ирет далилдеди. Эми ошондой окуялардын кайталанышы кимге керек?
Азыр бийликке жагынып, жакындоонун бир жолу ушу оппозицияны боктоо болуп калгандай. Жеке кызыкчылыгы үчүн ким экенине карабай жугунду куюуга даяр арзыматтар билектерин түрүнүп алып тынымсыз бок чачышууда. Демек, алар кимдир бирөөлөргө керек экен да...
Кимге керек? Кимдерге зарыл? Садыр Жапаровго ошо керекпи? Президент унчукпаса, “ии, жагат экен” деп арзыматтар күчөйт, келечегинде биринчи кезекте мамлекет башчыга эле муш болот. Ошондуктан “котлет өзүнчө, чымын өзүнчө” дегендей болгону жакшы.
Оппозиция менен иштешип, сүйлөшүш керек. Жалпы кыргыз элинин президенти катары баардык тараптарга тең мамиле жасаарын көргөзүп, иш жүргүзсө, Садыр Жапаровдун өзүнө эле жакшы болмок. Болбосо, “анын дагы күл сапыргысы келип атабы?” деп суроо бергендер көбөйүүдө.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











