Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов: “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кадыржан Батыров менен өзбек автономиясын курууну талкуулашкан”

Мамбетжунус Абылов: “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кадыржан Батыров менен өзбек автономиясын курууну талкуулашкан”

18-апрель, 22:55
1 053 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев “2010-жылдагы июнь окуясын кайрадан изилдөө керек” дегендей айтты. 11 жыл мурунку окуяны кайрадан териштирүүнүн кажети бар беле?  

-- Бул сурооңузга бир аз тактоо киргизиш керек болуп турат. Себеби, бул маселени Ташиев эмес, өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров өзү көтөрүп, түштүктөгү зээнди кейиткен кандуу коогалаңды кайра иликтөө маселесин Ташиев жетектеген мекемеге тапшырган. Ошондуктан бул маселе биздин бүгүнкү өлкө башчыбыз үчүн кажети бар экендиги шексиз. Ошол кандуу коогалаң мезгилинде Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева буга караманча каршы чыгып, “кара жашикти” ачпагыла, эгер аны ачсаңар биз да айта турган сөзүбүздү айтып чыгабыз, анда эмне болот?” деп Ташиев менен Жапаровго «Супер ТВ» каналынан ачык ультиматум койду. Ошондуктан Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев экөөнүн бири Роза Отунбаеванын койгон мындай талабына жооп кайтарса дурус болмок. Алар үн катпай жаткандыктан, сиз берген суроодон мен да качкандай болбой, ошол улут аралык кагылышта биздин 460тан ашык мекендештерибиздин өмүрүн кыйган, миңдеген жарандарыбызды майыпка айлантып, дагы миңдеген элибизди үй-жайсыз калтырып, зээнди кейиткен коогалаң тууралуу жеке пикиримди айта кетпесем болбос. 

2010-жылы 10-июнда өзбектер менен кыргыздардын ортосунда улут аралык кандуу кагылыш эмне себептен келип чыкканын элден жашыруунун эч кандай кажети жок. Буга биздин мамлекетибиздеги ошол учурда түзүлгөнсаясый кырдаал түздөн-түз себепкер болгон. Баарыбыз эле билебиз, Бакиев тактан кулагандан кийин өздөрүн Убактылуу өкмөт деп атап, мамлекеттик бийликти биздин өлкөдө 14 адам колуна алган. Алар шайлоо аркылуу бийликке келбегендиктен жана биздин Конституцияда Убактылуу өкмөт деген макам жоктугунан, легитимдүү макамга жетиш үчүн тез аранын ичинде шайлоо өткөрүүмуктаждыгы жаралган.Ошондо Убактылуу өкмөтмүчөлөрүнүн ич ара биримдиги жок экени билинип, шайлоого алар төрт башка саясый күч катары катышууга даярдык көрө башташканы анык болгон. КСДПдан Алмазбек Атамбаев, “Ата Мекен” партиясынан Өмүрбек Текебаев, “Акшумкардан” Темир Сариев, БЭК партиясы Азимбек Бекназаровду шайлоого таптап, алардын ар бири Ош тарапта жашаган өзбек мекендештерибиздин добушун шайлоодо өздөрүнө тартыш үчүн өзбектерге таасирдүү адамдар менен, айрыкча Жогорку Кеңештин депутаты Кадыржан Батыров жана башкаларына жекеме-жеке жолугушуп, алардын койгон саясый талаптарына кулак төшөй башташканын, мындай саясый талаптын ичинде Кыргызстанда өзбек автономиясын куруу маселеси да талкууланып жатканын Кадыржан Батыров өзбектерге жеткирген. Түштүктөжашаганкыргыздар муну уккандан кийин өзбектерге кыжыры келип, өзбек менен кыргыздардын ортосунда улут аралык келишпестик күчөп кеткен. Биздин атайын кызматтын адамдары борборго кайра-кайра маалымдап турса да, Убактылуу өкмөттүн жетекчилери эч бир чара көргөн эмес. Мындай шалаакылыктын айынан ошондо 460тан ашык биздин мекендештерибиздин өмүрү кыйылып жатса, буга жол берген бир да бийлик өкүлү күнөөкөр аталып, жазага тартылбаса, айтыңызчы, эмне үчүн ал шалаакыларды Убактылуу өкмөт жаап салган ошол «кара жашиктин» ичинен чыгарбай кармап жата беришибиз керек? Анда калыстык маселесин кайда жашырабыз? Кыргыздар «Кыңыр иш кырк жылда билинет» дейт. Бу кыңыр ишти Садыр Жапаров бүгүн ачпаса, андан кийинкилери баары бир мунун бетин ачарын эскертели.  

-- Анда эмне үчүн “кара жашиктин” оозун ачпагыла, ачсаңар биздин да айта турган сөздөрүбүзбар” деп Отунбаева бийликке буркулдап жатат?

-- Мунун эң негизги себеби Роза Отунбаеванын өзүндө. Себеби, ал өлкөнү   башкарып турганда, мыкаачылык менен 460 адамдын өлүмүнө жол берилгендиктен, ал өзүнүн саясый сөөлөтүнө өчпөс көө жуктуруп алган. Ошол шалаакылыкты элден жашырыш үчүн ал өзү бийликте турганда «кара жашикке» салып, ага кулпу салып койгон. Ал «кара жашик» ачылса, Роза Отунбаеванын накта жүзү жарыкка чыгат. Ошондуктан ал кабатыр болуп, «кара жашикти» ачпагыла” деп чырылдап жатат.

-- Эгер ошол «кара жашик» ачылса, анда Роза Отунбаева кимге тийешелүү компроматты ачыкка чыгырышы мүмкүн?

-- Менин оюм боюнча, “ошол коптуу кырдаал курчуп баратканда Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков өзбектерге каршы кыргыздарды козуткан” деп айтышы ыктымал. Себеби, өзбектер кыргыздарга каршы мыкаачылыкты баштаганда, Убактылуу өкмөт бул мыкаачылыкты токтото албай койгондуктан, Оштогу кыргыздар Келдибековду, жалалабаддык кыргыздар Ташиевди ээрчий башташкан. Муну көргөндөн кийин гана өзбектер чегинүүгө өтүп, кээ бирлери Өзбекстанга кире качышкан. Эгер Роза Отунбаева өз күнөөсүн Келдибеков менен Ташиевге оодарганга аракет кылса, өзү эле жаманатты болот. Себеби, кыргыздарга каршы мыкаачылыкты өзбектер баштап, өзбектер гана кыргыздарды козуткан. 

-- Эмне үчүн кыргыздарга каршы мыкаачылыкты ошондо өзбектер биринчи баштап жиберген? 

-- “Кыргызстанда өзбек автономиясын курабыз” деген өзбектердин айрым лидерлери бул маселени шайлоодон кийин чече албасын так билишкен. Эгер шайлоо алдында улут аралык жаңжал чыкса, бийликти сактоо үчүн шайлоого камданган Убактылуу өкмөттүн төрт өкүлү өзбектердин талабын колдошу ыктымал (!) деп ойлоп, улут аралык жаңжал чыгарыш максатында өзбектердин лидерлери мыкаачылыкты уюштурушкан. Буга бийлик эмес, Келдибеков менен Ташиевди ээрчиген кыргыз эли каршылык көрсөткөндө гана алар Кыргызстандан чыга качышкан.

-- 2010-жылы июнь окуясы сизди түйшөлтөбү?

-- Мени түйшөлткөн бир маселе бар. Баарыбызга маалым, Роза Отунбаева менен кошо Убактылуу өкмөттүн дагы бир белдүү өкүлү Өмүрбек Текебаев түштүктөгү кандуу коогалаңдын себепкери катары күнөөнүн жебесин Атамбаев тарапка деле буруп ийиши мүмкүн. Түштүктө акыбал курчуп жатканда, Атамбаевдин жумалап кайда жүргөнүн эч ким билбегенин, анан эле аны Кыргызстандын эмес, Россиянын жансакчылары коштоп калганын экөө тең айтып, аны күмөндүү адам катары элге жарыялашкан эле. “Эгер Атамбаев күмөндүү адам болсо, анда ал мындай күмөндүү ишти кимге таянып жасаган?” деген суроо мени түйшөлтүп жүрөт. Мезгили келсе бу да ачыкка чыгары шексиз. Ошондуктан “кара жашикти” ачпагыла, эгер ачсанар, мен Атамбаевдин артында ким турганын айтып салам, анда эмне болот?” деп Роза Отунбаева бүгүнкү бийликке айтып жатса, анда аны душман кылбаш үчүн ойлонуш керек...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер