Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымкадыр Бейшеналиев министр катары иштей албай, элди эки анжы ойго салууда

Алымкадыр Бейшеналиев министр катары иштей албай, элди эки анжы ойго салууда

08-апрель, 13:42
1 096 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирустун алдын алуу боюнча эмдөөдөн өтүүдөн көпчүлүк катмар коркуп атышканы жашыруун эмес. “Кытайдын дарысын сайынбайбыз” деген пикир да күчүндө. Мындай шартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев элге туура багыт бере албаганы, түшүндүрүүгө дарамети жетпегени, о.э. өзү эмдөөдөн өтүүдө ачык-айкындуулукка басым жасабай, бир уколду сайдырып атканын видеого шашылыш тарттырып койгону да шек жараткан. Анысы витаминби, же эмне дары экенин билдиңерби? Айтор, коомчулук эки анжы ойдо калганы ырас. Мындай шартта апаат улам күчөп, вируска кабылгандар күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Ооруп калгандар, өз алдынча дарылангандар канча? Алымкадыр Бейшеналиевдин мындай жүрүшү менен былтыркы катаал күндөр кайталанып, экинчи ирет элибизди кырып албайбызбы? Айтор, бул чала сабат министрдин иштей албай атканы ачык байкалууда. Тез арада ордуна ишбилги, профессионал кадр келбесе, бул көрүнүштө кыйналып каларыбыз айдан ачык. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер