Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандагы радикалдуу динчилдерди “Дженго” тизгиндей алабы?

Кыргызстандагы радикалдуу динчилдерди “Дженго” тизгиндей алабы?

12-сентябрь, 09:00
426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзгөчө Оштун түрмөлөрүндө ар кандай диний агымдагы радикалдардын камалып жатышканы, Өзбекстан, Тажикстандан кирип-чыккан тилектештери баш көтөрө башташканы, көмүскөдөн кооптонуулар жаралганы ыраспы? Салафиттерге ураандаш уюмдар кыймылга кириштиби? Мындайлар дээрлик Кыргызстандын түрмөлөрүндө күч менен кармалып турушат. Алар жабык жайлардан катарларын өстүрүшүп, тамыр жайышканы айтылууда. Эң башкысы, өлкөбүздүн коопсуздугуна, туруктуулугуна коркунуч келтире турган радикалдуу диний уюмдар экенин тана албайбыз. Мамлекет канчалык агартуу иштерин жүргүзбөсүн, колго түшүрүшпөсүн, баары бир аягы тыйылбай келет. Тымызын чыңалып баратышканы чындыкпы?.. 

Айтмакчы, күч органдарындагы айрым эксперттердин баамында, ашынган динчилдердин лидерлерин Оштун түрмөсүндөгү “Дженго” каймана атындагы Кадыр Досонов тизгиндей алары айтылууда. Себеби, камактагылардын баары андан айбыгып турушат экен. Ушул жагын теологдор менен “арканды алыс ыргыткан” генералдар байкап көрүшсө кандай? Даяр идея да...

Негизи “Дженгонун” соңку камалышында негиз жокпу? Күч органдары кайсы бир кылмышты кылганын коомчулукка ачыкташкан жок го?..

Бизде туруктуулукка шек келтире турган оппозиция деле жок, камактагы саясатчылар мыйзамдын сызыгынан чыга алышпайт. Равшандар эркиндикке чыгышса деле тополоң кылышпайт да. А коркунучтуусу сакалчандар, талибандарга таасирленгендер, ошол эле радикалдуу динчилдер. Бийлик мына ушул жагына баш оорутушу керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер