Жеңишбек Токторбаевдин президентке видео кайрылуу жасаганы туурабы?


Оомат кете баштагандагы олдоксон жүрүшпү? Жеңишбек Токторбаев бир имаратты мэриянын карамагына алыш үчүн Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасады. Кызык. Бул көрүнүштү пиарщиктери ой-да таратышты. Мамлекеттик деңгээлдеги кызматкер блогерлик кылбай эле президентке, тийешелүү жетекчилерине түз кайрылса болот да. Сөссүз эле жасап жаткан ишин шардана кылып, шоу менен көрсөтүү керек эмес го. Мактаныч, пиар жарашпай жатса деле күчкө салып, зордуктагандай мааниде көпүрүлө береби? Этикага сыйбай калды окшойт. Элестетип көргүлө, башка мэрлер да милдеттерин колко кылышып, жапатырмак Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге видео билдирүү жасап жатышканын... Эрксизден жылмаясың да. Кыскасы, Жеңишбек Токторбаевдин деңгээли көпчүлүккө белгилүү болуп калган сыңарындай...











